Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ТАЛАПТАРДЫ ЕВРОПА БИРИМДИГИ КАТУУЛАНТАТ


Нарын АЙЫП, Прага Европа парламентинин жыйынында 14-февралда адам укуктары жана демократиялык реформалар боюнча талкуу болду. Айрым депутаттардын пикиринде, акыркы мезгилде Биримдиктин жетекчилиги адам укуктар маселелерине көп көңүл бурбай калды жана айрым учуруларда кош стандарттуулук да байкалат.

Европа Биримдиги менен уюмга мүчө эмес мамлекеттер ортосунда түзүлгөн келишимдердеги адам укуктарын коргоо жана демократиялык реформаларды алдыга жылдыруу боюнча берене 1995-жылдан бери аткарылууга милдеттүү деп эсептелинет. Бирок парламентин 14-февралда Страсбург шаарында өткөн жыйынында уюмдун жетекчилиги бир топ сынга алынды. Атайын даярдалган докладда келтирилген маалыматтарга караганда, он жыл ичинде Европа Биримдиги бул маселе боюнча абалды оңдош керек деп 12 өлкөгө гана сунуш жасаган, алар Гаити, Фиджи жана 10 африкалык мамлекет.

Ошол эле учурда Орусия же Кытай сыяктуу өлкөлөрдө дагы адам укуктары бузулуп жаткан фактылар бар, бирок Европа аларга каршы катуу сын айткан учурлар дээрлик жок. Европарламентке Британиядан шайланган депутат Сажжад Каримдин айтымында, анын себеби кош стандарттуулукта: "Негизги мамлекеттер менен мамиле түзгөндө, бул беренеге таянып, адам укуктарын коргогондон мурда стратегиялык кызматташуу максаты менен аргасыз саясаттын кош стандарттуулугу үстөмдүк кыла баштаганы уламдан улам ачык болуп баратат", - деди Карим.

Дагы бир британиялык депутат Жерар Баттендин айтымында, чыныгы саясатта Кытай сыяктуу мамлекеттерге бул маселе боюнча басым жасаш өтө кыйын болот: "Ал беренени колдонуш керек болгондо, аны эң биринчи кезекте Кытай жана башка өнүгүп келаткан Алыскы Чыгыш мамлекеттерине карата колдонуш керек. Бирок көптөгөн жумуш орундары азыр Кытай менен болгон мамилелерге көз каранды жана дагы көпкө чейин көз каранды болот. Мурдагы саясатты толугу менен кайра карап чыгып, Европа парламентинде жасалган бир гана докладка таянып, биз Кытайдан - демократиялык мамлекет болгула деген талап коюуга даярбызбы? Менин оюмча, биз андай кыла албайбыз", - деди депутат Баттен.

Жыйынга катышкан Европа Биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро-Валднердин пикиринде дагы, уюмдун саясатын бир күндө өзгөртүү мүмкүн эмес: "Биздин келишимдер өтө кеңири саясий максаттарды көздөйт. Келишим түзүлгөн мамлекеттердеги стабилдүүлүктүн чыңдалышы, алардын элдеринин экономикалык абалынын жакшырышы тууралуу да ойлош керек. Улуу-урматтуу депутатар, ал мамлекеттер менен мамиле түзгөндө биз курч маселелерди көтөрбөгөнүбүздүн же санкция жарыялабагынбыздын себеби - биз андан коркуп жаткандан гана эмес болууда, биз ал элдердин көптөгөн башка өнүгүү маселелерине да көңүл бурууга тийишпиз", - деди комиссар.

Анткен менен жыйында - Европа Биримдиги менен мамиле түзгөн мамлекеттер жана ага кошуна жайгашкан өлкөлөр менен кызматташканда, Биримдик демократиялык реформалар менен адам укуктарын коргоо боюнча талаптарды коюп, айрым учурларда санкция жарыялоого чейин да барыш керек деп айтылды. Анткен менен андай чечимдер кандай учурда, кантип жана канчалык чекке чейин кабыл алынышы керек экени тууралуу азырынча механизмдер иштелип чыга элек.

XS
SM
MD
LG