Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА : КЫРГЫЗСТАНГА ТУУРА ЖОЛДУ КИМ КӨРСӨТӨТ?


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанга кандай мамлекеттик башкаруу системасы ылайыктуу деген маселеге келгенде саясий партиялар эки жээкке бөлүнүп калышты.Бир катар партиялар президенттик-парламенттик башкаруу формасын жакташса, саясий күчтөрдүн бир тарабы парламенттик башкарууну кабыл алууга үндөшүүдө.

Кыргызстандагы партиялардын көпчүлүгү конституциялык реформага байланыштуу өлкөнүн башкаруу системасы боюнча талкууга жигердүү катышып жатышат. Партиялардын бир бөлүгү 24-марттагы ыңкылапка чейин эле мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүүнүн зарылдыгы тууралуу айтып келишкен.

Азыркы башкаруу системасы өлкөнү саясий, экономикалык жактан өнүктүрүүгө тоскооолдук көрсөтүп келгендигин белгилеген партиялар да болгон. Биринчилерден болуп «Арнамыс» жана «Эркиндик» партиялары Кыргызстандагы саясий системаны өзгөртүү маселесин козгоп, өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү демилгесин көтөрүп чыгышкан. «Арнамыс» партиясынын өкүлү Бөдөш Мамырова парламенттик башкаруу системасынын артыкчылыктары тууралуу мындай пикирин ортого салат:

Парламенттик башкаруу бизге туура келет. Анткени, президенттик башкаруу 15 жылда өзүн актаган жок. Бир адамдын колунда бийликтин топтолгондугу эмнеге алып келээрин биз көрдүк. Парламенттик башкарууда бийлик чыныгы элдин колуна өтөт. Депутаттар бир жагынаншайлоочулардын алдында жоопкерчиликтүү болушса, экинчи жагынан партиянын алдында жоопкерчиликтүү болушат. Партиялардын өнүгүүсү үчүн да шарттар түзүлөт. Парламент партиялык тизменин негизинде түзүлөт. Коррупциялык иштерге да жол берилбей калат .

Кыргызстандагы бир катар башка партиялар да, алардын ичинде «Асаба» кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы жана башка саясий уюмдар парламенттик башкаруу системасы өлкөгө ылайыктуу деген көз карашта. Бирок, алар белгилегендей президент да тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ болушу керек. Бул жөнүндө Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Орозбек Дүйшеев мындай дейт:

Бизге парламенттик башкаруу керек. Партиялардын ролун жогорулатууга тийишпиз. Негизги жоопкерчилик жана функциялар өкмөткө жүктөлүүгө тийиш. Бирок, ошол эле учурда президент да болушу керек. Ал парламент менен өкмөттүн ортосундагы көпүрө катары, алардын ынтымактыгын сактаган адам катары болушу керек .

Айрым партиялар Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндө түзүлгөн саясий системадан алыс кете албайт, башкача айтканда азырынча мамлекетке президенттик-парламенттик башкаруу ылайыктуу деп эсептешет. Алардын пикиринде, Кыргызстан парламенттик башкарууга азырынча өтүүгө даяр эмес. «Менин өлкөм» партиясынын жетекчилеринин бири Курманбек Дыйканбаев да ушундай ойдо:

Азыр Кыргызстан парламентттик башкарууга өтүүгө даяр эмес. Биринчиден, атуулдук коом жетиштүү өнүгө элек. Экинчиден, партиялар да толук даяр эмес. Анан Кыргызстан КМШ, Борбор Азия өлкөлөрү менен ар кандай экономикалык кызматташтык уюмдарга мүчө. Биз азыр премьер-министрдин кызматын да жойо албайбыз. Анткени, мисалы эртең эле КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери экономикалык маселелерди талкуулаганы барса, бизде болсо, аткаруу бийлигин президент жетектесе, андай жыйынга президент барабы?. Биз качан партиялар жетиштүү турдө өнүгүп, алардын артынан эл ээрчип, кимисинин позициясы кандай экендигин так ажырата баштаганда, атуулдук коомубузу өнүккөндө гана парламенттик башкарууга өтө алабыз .

Президент Курманбек Бакиев өткөн аптада Кыргызстанга америкалык башкаруу системасы, башкача айтканда, аткаруу бийлигинин башында турган күчтүү президент жана ошондой эле күчтүү мыйзам чыгаруу органы – парламент керек деген пикирин билдирди.

Кыргызстанга парламенттик башкаруу керек деген көз карашты карманган Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн биримдиги партиясынын лидери Кубатбек Байболов Кыргызстанга президенттик-парламенттик башкарууну да ыңгайлаштырууга болот дейт:

Биз эч качан Кыргызстанга парламенттик гана башкаруу туура келет деп айткан эмеспиз. Эмне үчүн башка башкаруу системасын биздин өлкөгө ыңгайлаштырууга болбойт?… .

Президенттин жардыгына ылайык мамлекеттик башкаруу системасын тандоо боюнча референдум ушул жылдын аягында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG