Вице-президент Чейнинин аңчылык кылып жүрүп, шеригин жаңылыш атып алганы америкалык саясый сатириктер үчүн табылгыс олжо болду. Белгилүү сатирик Роб Коддри өтө популярдуу “The Daily Show” телеберүүсүндө, Дик Чейни 2001-жылдын 9-сентябрындагы террордук чабуулдардан кийин чачма ок менен досун бетке атпаса, канаттуулар АКШны этибарга алмак эмес деп азил кылды:
-11-сентябрь коогасынан кийин Америка эли өз жетекчилерин чечкиндүү болот деп болжошкон. Ал (Чейни) досунун жүзүнө ок атпаса, куштар Американы кубатынан тайыптыр деп ойлошмок.
Ал эми “The Tonight Show” телеберүүсүнүн алып баруучусу Жой Лено болсо, Гарри Уиттингтон вице-президент Чейнинин көзүнө ак аюудай көрүнгөн сыяктанат деп тамашалады:
–Вашингтондо кар өтө эле көп эмеспи. Дик Чейни жанагы семиз шеригин ак аюу деп капылеттен атып албадыбы.
Тамаша-тамаша менен. Бирок, шейшемби күнү бытыра октун айынан 78 жаштагы адвокат жеңил инфаркт болду.
-Чачма октордун айрымдары Уингттингтондун жүрөгү тарапка жылган сыяктуу көрүнөт жана канды коюлтуп, натыйжада жеңил инфаркт болду деп айта алам,-деди оорукананын өкүлү Питер Бэнко.
Питер Бэнконун сөзүнчө, доктурларда майда окторду алып салуу планы жок:
-Ушу азыр операция жасап, бытыра окторду алып салуу планыбыз жок. Бирок, Уиттингтон мырза алдыдагы жети күндө ооруканада болот жана биз бир да октун маанилүү органдарга, анын бытырандылары жүрөктүн башка жактарына жылып кетпесин көзөмөлдөп турабыз.
Гарри Уиттингтондун абалы жөнүндөгү маалыматка катар америкалыктар капылет окуя жөнүндө Дик Чейни өзү качан түшүндүмө берет деп күтүшүүдө. Ансыз да, Ак Үйдүн кырсык тууралуу кечигип маалымдаганына жана Чейни полицияга 14 сааттан кийин гана сурак бергенине коомчулук нааразы.
Шейшемби күнү Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рид аң уулоо маалында эмне болгонун Чейни өзү айтып берүүсүн талап кылды.
Республикачыл экс- президенттердин мурдакы эки маалымат катчысы да Ак Үйдү кокустук жөнүндө саалгытып кабарлап, жаңылыштык кылды деп сындашты.
Ак Үй азырынча Дик Чейни качан түшүндүрмө берээрин ачык айта элек.