Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ЖОГОРКУ СОТ ӨЗБЕК БОЗГУНДАРЫНА КАЧКЫН МАКАМЫН ЫРАА КӨРГӨН ЖОК


Канатбек Субакожоев, Бишкек Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстанга ооп келген Одилжон Рахимов жана Джахонгир Максудовго качкын макамын сураган "Адилет" уюмунун арызы 16-февралда Жогорку сотто четке кагылды. Эми алар Өзбекстанга өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Өзбек атуулдарынын тагдыры эл аралык келишимдерге ылайык чечилбей жаткандыгын сындашып, сот чечимине укук коргоочулар нааразы пикирин билдиришти.

Бүгүн Жогорку сот качкын макамын берүүдөн баш тарткан өзбек атуулдары өткөн жылы Анжиян окуяларынын учурунда Кыргызстанга качып келишкен эле. Өзбек бийлиги тарабынан террористик акт жасаган жана Анжиян шаарынын прокурорун өлтүргөн деп айыпталып жаткан үчүн алар кыргыз бийликтери тарабынан Оштун тергөө абагына камалып турушкан.

Өзбек атуулдарына качкын макамы берилбесин деген Жогорку Сот чечимине укук коргоочулар дароо эле нааразы пикирлерин билдиришти. “Адилет” укуктук клиникасынын кызматкери Хурниса Махидинованын пикиринде өзбек бийлиги тарабынан коюлуп жаткан айыптар негиздүү эмес. Ал жерде азыр адам укуктары одоно бузулуп жатат, ошондуктан Оштун тергөө абагында отурган бозгундарды үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүү зарыл:

Интернеттен жана теле аркылуу көрүп жатабыз. Анжиян окуясынын катышуучуларынын абалы Өзбекстанда өтө оор. Сот жыйындары жабык эшик аркасында өтүп жатат. Адвокаттар катыштырылбай, айыпталуучуларга чоң кысымадр көргөзүлдү.

Жогорку сот көп маанилүү маселерге көз жумуп койгонун “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова белгиледи:

Биз бул иштердин саясий жагдайларын жана көргөзүлүп жаткан кысымдарды жакшы түшүнөбүз. Бирок, ошондой болгон күндө да, бул жерде бактысыз төрт адамдын тагдыры каралып жатпайбы. Андан сырткары БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты тарабынан бул адамдарга берилген качкын макамын көргөздүк. Бирок сот ага да көз жумуп койду.

Аталган качкындардын тагдыры эл аралык деңгээлдеги келишимдерге ылайык чечилбесе, Кыргызстанга болгон ишенич жоголот деп билдирди “Атуулдар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

Эч кандай эки тараптуу келишимдерге карабашыбыз керек. Себеби, Кыргызстандын тегерегиндеги өлкөлөр өнүгүүнүн жолуна жаңыдан түштү. Ошондуктан биз демократиялык өнүккөн өлкөлөргө канатыбызды жайып, эл аралык нормаларды аткаруубуз зарыл. Бул качкындар эч качан Өзбекстанга өткөрүлүп берилбеши абзел.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык Жогорку соттун чечими акыркы чечим болуп саналат. Эми сот чечиминен кийин Кыргызстан бозгундарды Өзбекстан бийлигине кайтарып жибериши мүмкүн. Өлкөнүн башкы прокурору Камбараалы Конгантиев буга чейинки билдирүүлөрүнүн биринде качкындардын тагдырын Кыргызстан Жогорку Соттун чечиминин жана эл аралык нормалардын чегинде чечерин билдирген.

XS
SM
MD
LG