Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Жалалабад облусунда ич келте дарты катталды


ЖАЛАЛАБАТ. Майлысуу шаарына караштуу Көкташ айыл өкмөтүнүн сегиз тургуну ичкелте оорусун жуктуруп алышы ыктымал деген шектенүү менен ооруканага жаткырылган. Алардын ичинен төртөө ичкелте болгону аныкталды, калгандарынын арасынан бирөөсүнүн ичи өтүп, бирөөсүнө суук тийген, төртүнчүсүнүн бөйрөгү шамалдаган. Облустук санитардык эпидемия станциясынын 16-февралдагы ыраастоосу боюнча оору дезинфекциялык каражаттар толук кошулбаган Майлусуу дарыясынан чыгуусу ыктымал. Дарыяга шаардагы булганган жана уран калдыктарын көмүлгөн жайлардан сызылып агып чыккан суулар кошулат. Дарыгерлер үйлөрдү кыдырышып 260 кишиге дары таркатышты. 19 жерден алынган суу текшерилмей болду.

Аба ырайы

БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 17-февралда Ош, Баткен, Жалалабат облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Чыгыш тараптан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +14…+19 градус.
Таласта түнкүсүн -3 ..+2, күндүз +9…+14 градус.
Жалалабат, Баткен, Ош аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +14…+19 градус болот.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн 0…-5 градус, күндүз +2…+7.
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -5…-10 градус.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +17…+19 градус.

Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров, Бишкек

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG