Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

Казак саясатчысынын өлүмүн иликтөөгө америкалык адистер катышат


Казак ички иштер министрлиги бүгүн билдиргенге караганда, Алтынбек Сарсенбайдын өлүмүнүн айланасындагы жагдайды иликтөөгө АКШнын Федералдык тергөө бюросунун адистери катышат. Сарсенбаев "Ак жол" аттуу оппозициялык партиянын тең-төрагасы болчу жана анын өлүгү өткөн дүйшөмбү күнү Алматынын алдында табылган. Сарсенбаев менен кошо анын айдоочусу менен сакчысы да өлтүрүлгөн. Саясатчынын өлүмү жөнүндө маалымат бере ала турган адамга 10 миллион доллар сыйлык берилет деп жарыяланды.

XS
SM
MD
LG