Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Иракта улам жаңы куралдуу кагылышуулар чыгууда


Ирактагы америкалык күзөткө бүгүн чабуул жасалып, анын натыйжасында алты карапайым адам курман болуп, дагы ондон ашык киши жараат алды. Андан тышкары Багдад калаасында бомба жарылып, бир полициячы өлүп, дагы үч адам жарадар болду. Киркук шаарында дагы куралдуу кагылышуу чыгып, эки ирак аскери окко учту. Айрым кабарларга караганда, өлкөдө шийи мусулмандары тарабынан түзүлгөн атайын куралдуу күчтөр бар, алар полиция кийимин кийип жүрөт жана өкмөт маселени тергөөгө киришти.

XS
SM
MD
LG