Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Ирактагы Абу-Грейб абагы менен байланыштуу жаңы чатак чыкты


АКШнын коргоо министрлигинин айтымында, Багдад шаарынын алдындагы Абу-Грейб абагындагы мазактоолор жөнүндөгү жаңы сүрөттөрдүн жарыяланышы дүйнөнүн ар башка аймагында кызмат өтөгөн америкалык аскерлерге каршы маанайды себепсиз күчөтүшү мүмкүн. Министрликтин айтымында, маселе толук тергелип бүткөн жана ага тийешеси бар деп табылган 25 адам жаза тарткан. Жаңы сүрөттөрдү Австралиянын сыналгысы 15-февралда көрсөткөн жана алар 2003-жылы тартылып алынган деп айтылууда. Австралиянын премьер-министри Жон Говард бүгүн үналгы аркылуу чыгып сүйлөп, айрым америкалык аскерлердин Ирак туткундарын мазактаганын Ирактын мурдагы жетекчилиги жасаган кылмыштарга теңебеш керек деп билдирди: "Саддам Хусейн тарабынан жүздөгөн миң адам өлтүрүлгөн. Алардын сүрөттөрү жарыяланган эмес, же сот өткөрүлүп, кимдир бирөө жазаланган эмес. Адамдар жөн гана өлтүрүлүп жок кылынган, ошондуктан ал кездеги кылмыштар менен абактагы бул мазактоолорду теңеп мүмкүн эмес", - деди премьер-министр.

XS
SM
MD
LG