Украинада кармалган өзбек жарандары тууралуу маалыматтар башынан эле ар башка булактарда ар түрдүүчө айтылууда. Адегенде Украиналык УНИАН кабар агенттиги 7-февраль күнү өзбек бийликтеринин өтүнүчү боюнча Крымда 10 өзбек жараны кармалды деп билдирген. Ал кабарда айтылгандай, ырасмий Ташкен Украинада кармалган 10 киши өткөн жылкы Анжыяндагы кандуу окуяларга тиешеси бар деп шектенет.
Ага удаа Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюму 13-февраль күнү маалымат таратып, 7-февраль күнү Крымда 11 өзбек жараны кармалган деп алардын ысымдарын тизмелеп атаган. “Мемориалдын” билдирүүсүнө “Жарандык тилектештик” аттуу укук коргоо уюму кошо кол коюп, кармалгандар Өзбекстандык саясий качкындар болгонун, 11 кишинин үчөө гана Анжыяндагы окуяларды өз көзү менен көрүп, калгандары Украинага андан мурда эле барганын кошумчалаган.
Аңгыча шаршембиде Украинанын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Александр Домбровский украин бийликтери Өзбекстандын алты жаранын депортациялоо маселесин караштырып жатканын кабарлады.
-
Бизде алты өзбек жараны туурасында маалымат бар. Алардын бешөө Белогорский районунда, бирөө Нижегорский районунда кармалган. Алар Украинага 3 айга гана келишкен. Бирок 3 айлык мөөнөт аяктагандан кийин да кала беришкендиктен камакка алынышты. Кармалган ар бир өзбек жараны 60 доллардай айыппул төлөшү керек, алардын айрымдары буга чейин да кармалган. Азыр биз аларды Өзбекстанга кайтаруу маселесин караштырып жатабыз.
Домбровский андан сырткары өзбек жарандары полициянын мыйзамсыз мигранттарга каршы атайын рейди маалында кармалганын айтып, алардын Анжыяндагы окуяларга тиешеси бар-жоктугун тактоодон баш тартты.
Ошол эле шаршемби күнү кечинде Украинанын коопсуздук кызматынын басма сөз өкүлү Марина Остапенко “Азаттыкка” буларды билдирди.
- Коопсуздук кызматы менен ички иштер министрлигинин мыйзамсыз мигранттарга каршы биргелешкен рейди маалында Өзбекстандын 10 жараны кармалган. Биздин мыйзамдарды бузуп, Украинада мыйзамсыз жүргөндүктөн, Симферополдогу Киев райондук соту 14-февралда аларды мекенине кайтаруу чечимин кабыл алды.
Остапенко өзбек жарандарынын жанында саясий башпаана сураганы жөнүндө, же качкын макамын тастыктаган документтер болбогонун кошумчалап, Анжыян окуяларына катыштыгы бар-жогун айткан жок.
Улуттар уюмунун качкындардын иштери боюнча комиссарлыгынын Киевдеги өкүлү Наталья Прокопчук өзбек жарандарын депортациялоо эл аралык мыйзамдарды бузуу менен жүргүзүлгөн деп эсептейт.
- Бул кишилер Украинанын мигранттар боюнча мамлекеттик комитетине качкын макамын сурап кайрылган. Ал комитет азыр өзбек жарандары Украинанын качкындар жөнүндөгү мыйзамы бузулганы жөнүндө сотко арыз жазып кайрылса болот деген пикирде.
Анжыяндагы козголоңдон кийин Украинадан буга чейин да башка өзбек жарандары депортацияланган. Былтыр жайында Өзбекстандык мигранттар тобу украин чек арасында токтотулуп, арасында 70тен ашкан улгайган адамдар бар ал топ бир нече күндөн кийин Орусияга кайтып кетүүгө аргасыз болгон.