Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

“МАНАС” АБАМАЙДАНЫНЫН ИЖАРА АКЫСЫ, КУМШЕКЕРДИН БААСЫ, ПАСПОРТ КӨЙГӨЙҮ


Кыргызстан америкалык аскер аба күчтөрүнүн “Манас” абамайданындагы ижара акысын жүз эсе көбөйткөнү маалымдалууда. Жалаң эле абамайданынын ижара акысы арбыбастан, кумшекердин баасы да күндөн-күнгө көтөрүлүүдө. Жаалданган көпчүлүктүн сүрүнөн чочулап Москвага кетип калган президенттин Орусиядан чыгарган соңку жарлыгы жалпыга жарыя кылынбай келди. А.Акаев эмне себептен Ф.Куловду актаган жарлыкты элдик ыңкылаптан кийин чыгарды?

Оболу сөздү качып кеткен мурдагы президент Аскар Акаевдин акыркы жарлыгынан баштайлы. Жума күнкү “Жаңы ордо” гезити кыйладан бери унутта калып келген, жадесе Акаевдин колтамгасын алууга Москвага барган саясатчылардын оозунан чыкпаган жарлыкты жарыя кылды. “Жаңы ордо” гезитинин маалымдашынча, Аскар Акаев 2005-жылдын 4-апрелинде Феликс Куловду түрмөдөн бошотуу, анын соттолушун жокко чыгаруу тууралуу жарлык чыгарган. Алыста жүрүп кол коюлган жарлыкты орусиялык жеке нотариус күбөлөндүрүп, кол коюлган документ ошол замат күчүнө кире тургандыгы ырасталган. Ф.Куловдун 6 жыл түрмөдө отургузган душманын алеки саатта кечирип, айкөл болуп калышынын бир сыры ушунда болуу керек деп болжойт “Жаңы ордо” гезити.

Непадам элдик ыңкылап өтпөй калса деле конституциялык реформа сөзсүз жүрмөк, деп жазат ушул эле гезитте К.Рамаев деген автор. А.Акаевдин айткан-дегенин эки кылбаган парламент мүчөлөрү президентти 7 жылга шайлап, Кыргызстан парламенттик башкарууга өтөрүн Башмыйзамга бажырайтып жазып коюшмак. Автордун ырасташынча, азыр парламенттик башкарууну жактагандар өзүнчө коалицияга өтүп, жаңы бийликтин каршылаштарынын катарында “Арнамыс” менен социал-демократиялык партия мүчөлөрү жүрөт.

Ушу тапта аткаруу бийлигинин чоң милдети ишканаларды күпөлдөтүп иштетүү экени 14-февралдагы өкмөттүк жыйында баса белгиленгенин жума күнкү “Бишкек таймс” гезити маалымдады. Ушул эле басылманын кабарлашынча, ушу тапта кирешелүү делген арак заводдорунун кыйласы банкротко кабылууда. Анын себеби жасалма, аткезчилик жол менен ташылып келинген арактын көбөйүп кетишине байланыштуу болууда. Заводдон чыккан ачкыл суунун баасы кымбат. Гезиттин маалыматына ишенсек, Кыргызстандын 5 миллион калкынын ар бирине орточо эсеп менен жылына 6 литр ашуун “жинди суу” туура келет.

“Манас” абамайданында турган америкалык аскер аба күчтөрү эми ижара акысын мурункусуна салыштырмалуу 100 эсе арбын төлөй тургандыгын президент К.Бакиев орусиялык “Коммерсант ъ” гезитине берген маегинде билдирген. Аңгеме-дүкөндү жума күнкү “МСН” гезити көчүрүп басты.

Басылманын жаңы санында “Бакай” акционердик коомунун директорлор кеңешинин башчысы М.Ибрагимовдун маегине да орун берилген. Ишкердин айтуусунда, Кыргызстанда кумшекердин баасынын кескин көтөрүлүп кетишине айыл чарба продукциясына салынчу утурумдук пошлинанын парламент тарабынан алынбай калышы себеп болгон. Ушул эле гезитте Маалымат технологиясы жана жаңы ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору А.Кенжетаевдин “Паспортту эми баары алышат” деген маеги да жарыяланды.

Парламент депутаты Кубатбек Байболовдун “Агым” гезитинин окурмандары менен баарлашуусунун баяндамасы “Бузулган элге бучуктан бий” деген аталышта басылманын жума күнкү санында чыкты.

“Билбегендерге айтайын, абал чыны өтө оор. Олку-солкулук, карама-каршылык, кылмыштуулук күчөгөндөн күчөдү. Менчикти мыйзамсыз басып алуу, кайра бөлүштүрүү уланууда. Бийлик ушул кыйын кырдаалда алсыздыгын көрсөтүп, алакан жайып отурат”, дейт К.Байболов.

Гезитте “Кут” партиясынын жетекчиси Болот Жанузаков, “Асаба” партиясынын ордо кеңеш төрагасы Дөөлөт Нусуповдун, парламент депутаты Жантөрө Сатыбалдиевдин “тегерек үстөл” үстүндөгү маеги да жарыяланган.

Б.Жанузаков “Акаев депутаттарга абдан сылык эле” десе, Ж.Сатыбалдиев “Мен кукловодуна да, кукласына да кирбейм” дейт. Бакиев-Текебаев чатагына токтолгон Д.Нусупов эл тараптан шайланып келген эки жетекчи жеке таарынычтарын минтип оюнга айлантпаш керек эле деген пикирин биллдирген. Б.Жанузаков азыр Кыргызстанда бийликке теңата болор оппозиция жок дейт.

Айтса, мурдагы ккопсуздук кеңеш катчысынын дагы бир маеги, Аскар Акаевдин депутаттарга абыдан сылык мамиле жасаганын, сынды маданияттуу айта аларын эскерген аңгемеси бейшемби күнкү “Лица” гезитинде жарыяланды. Б.Жанузаковдун ырасташынча, 24-мартта А.Акаев жазгы талаа жумуштарынын абалына кызыгып, Акүйдүн басылып алынышын ойлогон деле эмес экен.
XS
SM
MD
LG