Палестинада парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен согушчул ХАМАС тобунун лидерлери марттын башында Москвага бара турганы маалым болду. Бул тууралуу кабарлаган орусиялык тарап Москвада өтө турган сүйлөшүүлөр учурунда Орусия ХАМАСты “Израил мамлекетин таанып, тынчтык процесси боюнча сүйлөшүүлөргө кошулууга үндөй тургандыктарын” билдирди.