Кошмо Штаттары Куба аралындагы “Гуантаномо” түрмөсүн жабуу жөнүндө Улуттар уюмунун сунушун четке какты. Ак Үйдүн ырасмий өкүлү Скотт Макклеллон бул өңдүү абактарда “коркунучтуу террористтер” кармалып жатканын билдирди.
Улуттар уюму бейшемби күнү Гуантаномодогу абакта адам укуктары басмырланып жатканы тууралуу отчет жарыялап, “АКШ бул базасын жабышы лаазым” деген тыянак чыгарган. Ал эми уюмдун баш-катчысы Кофи Аннан аталган докладда айтылгандарга кошулбаганы менен, баары бир, эртеби-кечпи ал камактагылар сотко берилип, кийин база өзү жабылышы керек деген оюн айтты. Гуантаномодогу абакта ушу тапта 500 дөй адам бар. Алардын көбү 2001-2002-жылдары Ооганстанда кармалгандар.