Төрөкул Дооров, Прага. Эми назарыңыздарда «Азаттыктын» «Тасма» программасы. Бул жолу рубриканын автору Төрөкул Дооров сиздерге ушул күндөрү Германияда өтүп жаткан Берлин кинофестивалы жөнүндө айтып берет. Сиздер “Быйыл эмне үчүн ага борбор азиялык бир да фильм катышпай калганынын” себептери жөнүндө кыргызстандык жана казакстандык кино-изилдөөчүлөрүнүн жоопторун уга аласыздар.