Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Жалалабатта жугуштуу оорулар күч алды


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук медициналык кеңешмеде айтылгандай облуста жугуштуу оорулар республикалык деңгээлден жогору турат. Кургак учук, бруцеллез, кутурма өңдүү оорулар азая элек. Губернатор Искендер Айдаралиев дарыгерлерге каражат эмес патриоттук сезим менен аткаруу бийлиги менен иштешүү жетишпей жаткандыгын белгиледи. Экономика жогорулап, коррупция жоюлса акча да болот. "Каражатка шылтап ишти оңдой албаган жетекчи кызматтан өз ыктыяры менен кетүүсү зарыл",- деп айтты ал. Ооруканалардын электр энергияга болгон карызы да арбын. Бул жөнүндө 18-февралда губернатордун маалымат катчысы Гүлжан Асанова билдирди.


Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 19-февралда күндүз Кыргызстандын айрым аймактарында, түнкүсүн көпчүлүк облустарда жаан-чачын болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +1...+6 градус.
Таласта түнкүсүн -3…+2 градус, күндүз 0...+5 градус болот.


Чолпон Орозобекова, Бишкек

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG