БИШКЕК. Европа комиссиясы Кыргызстандын бажы кызматын оңдогонго 650 миң евро бөлдү. Бул тууралуу журналисттерге Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Карина Скареби билдирди. Бул жардам бажы кызматын техникалык жактан жабдууга, мыйзамдарды жакшыртууга жана чек ара аркылуу товарлардын өтүшүн жеңилдетүүгө жумшалат. Кыргыз өкмөтү бул тармактагы коррупцияны иликтөө үчүн түзгөн атайын комиссия бажы кызматындагы бир топ мыйзам бузууларды тапкан. Учурда бул комиссия иштеп жатат, өз тыянактарын түз мамлекет башчыга жөнөтөт деп билдирет, өкмөттүн маалымат кызматы.