Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

ДУНГАН КАЛКЫНЫН ТЕГИ


Кыргыз өлкөсүндө ар түркүн элдер жана этникалык топтор жашайт. Алардын бири 19-к. экинчи жарымында Кыргызстанга жер которгон – дунган калкы эсептелет. Дунган калкынын теги туурасында илимде ар башка жоромолдор айтылып келет.

Кыргызстан көп улуттуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Айрым адистер мындай жагдай совет бийлиги мезгилинде жаралды деп эсептешет. Анткен менен мурда, тактап айтканда XIX к. экинчи жарымынан тарта эле тыштан келген калктар эсебинен Кыргызстан көп улуттуу аймакка айлана баштаган жана андай элдердин бири – дунгандар болушкан.

Дунгандардын теги жана келип чыгыш тарыхы туурасында илимде да, дунган калкынын арасында да бир беткей пикир жок. Басымдуу көпчүлүктүн пикирине ылайык, дунгандар кадимки эле Кытай элининбир бутагы катары каралат. Бирок, мында дунгандар менен кытайлардын ортосундагы тилдик жакындыкка гана басым жасалып, алардын ортосунда орун алган башка белгилер эске алынган эмес. Анткени кайсыдыр бир элдин жаралышын аныктоодо тилдик жакындык алардын тектик туугандыгынын көрсөткүчү болуп бере албайт. Эмне дегенде, эки башка элдин коңшу жашашынан жана бир мамлекетке биригишинен тил жалпы касиетке айланышы мүмкүн.

Ошондуктан, мында антропологиялык тышкы белгилерди көрсөтүү, алардын окшош жана айырмачылыктарын табуу илимде маанилүү мазмун алат. Дунган калкынын тыш белгисинде алардын ар кайсыл элден куралгандыгын көңсөтө турган айырмачылыктар байкалат. Мисалы алсак, Синьцзянда жашаган дунгандардын бойлору орто жана узун деп эсептелинип, алардын кебете, кешпиринде жана чачтарынын өң, түсүндө түрк калктарына мүнөздүү белгилер арбын. Мындан улам илимпоздор аларды түрк тектүү дунгандар деп эсептешкен. Экинчи топтогу дунгандар кыска жана орто бойлуу келип, алардын бою, өң, түсөлү чачы кадимки кытайлардан эч бир айырмаланбайт. Андыктан, тарыхчылар мындай типтеги дунгандардын тектик жаралышына кытайлыктар аралашкан деп айтышат. Үчүнчү топтогу дунгандар – орто бойлуу, бет түзүлүшү жазы, чачтары кара жана кайраттуу келип алардын кебете кешпири монголдордукунан аз айырмалангандыктан, монгол типтүү дунгандар деп белгиленет.

Дунган калкынын дагы бир тобу араб тектүү деп айтылат. Алардын бойлору узун, чап жаак, чачтары кара жана кара бакыраң көздүүлүгү менен өзгөчөлөнөт.

Дунгандар да өздөрүн араб тегине байланыштыргандыгы артыкчылык катары баалашат. Айрым уламыштарга ылайык, байыркы заманда ислам динин жайылткан арабдардын бир бөлүгү Кытай мамлекетинин түндүк бөлүгүнө келип жайгашкан. Алар жергиликтүү кытай кыздарына үйлөнүшүп, андан дунган калкы келип чыккан. Жаңы этнос кытайлардан бөлүнүп, ислам динин кабыл алмак түгүл, өздөрүн луй хуэй, кийин хуэй-цзу, башкача айтканда – мусулман калкы деген аталышты алышкан.

Айрым илим адамдары дунган деген термин Синьцзян жана шериктештик өлкөлөрүндө жашаган калкка гана тарайт жана ал “кайрылып келгендер” деген маанини ташыйт. Кыргызстандык окумуштуу М.Я.Сушанлонун пикирине ылайык, дунган термини Ганьсу провинциясынын чыгышындагы “Дуньгань” деген жер аталышынан келип чыккан жана ал Синьцзянга көчүп келген лаохуэйхуэйлерди өзгөчөлөш үчүн берилген.
XS
SM
MD
LG