Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

КАРАСУУ БАЗАРЫНДА ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИН НААРАЗЫЛЫГЫ ЧЫКТЫ


Кубанычбек Жолдошев, Карасуу Фергана өрөөнүндөгү ири соода түйүндөрүнүн бири Карасуу базарындагы жеке ишкерлер базардын жаңы жетекчилигине нааразылыгын билдиришүүдө. Алардын айтымында базар жеке колдон элдин менчигине өттү деген жалган шылтоо менен ири соода түйүнүндөгү көзөмөлдү колго алышкан адамдар тарабынан жер акысын алууда, салыктардын өлчөмүн тескөөдө бир катар мыйзам бузууларга жана башаламандыктарга жол берилүүдө.

Карасуу райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда аталган базарга 5 миңден ашуун соода контейнерлери коюлган. Аларга Жогорку Кеңештин айрым депутаттары баш болгон жалпысынан 13 киши ээлик кылат. Базарда соода кылган жеке ишкерлердин сөзүнө караганда алардын укугу биринчиден ошол ээлик кылган адамдарга жер үчүн ижара акысын төлөөдөн бузулат. Анткени жеке ишкерлер менен жер ээлеринин ортосунда ушул күнгө чейин ижара келишимдери түзүлө элек. Жергиликтүү соодагерлердин кызыкчылыгын коргоо үчүн жаңыдан түзүлгөн "Ишкер" коомдук бирикмесинин төрайымы Шарапат Мажитова жер акысын алууда мамлекеттин казынасына салык төлөөдө жана ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп берүүдө одоно башаламандыктарга жол берилип жаткандыгына токтолду:

- Алар жерди сатып алдык деп атышат. Базардын 15 гектар жер, биринчиден Баямандын жери бар, Алишер Сабировдун 500 контейнеринин жери бар, Жээнбекова Кенженин 200 контейнер жери бар, андан сырткары Мелистин жери бар. Aлишер Сабиров 500 контейнерине салыктын патентин албай эле, ар бир адамдан 2 миң сомдон алат. Өкмөткө канчасы чогулду экен. Фин разведкасы келип туруп ушунун ак карасын карап берсин - дейт Шарапат Мажитова.

Жыйындын жүрүшүндө жеке ишкерлердин көпчүлүгү ар бир соода түйүнү үчүн 2 жарым миң сомдон салык төлөп келе жатышкандыгын айтышып, базарды элдин колуна алып бердик дешкен жаңы базар жетекчилиги жогоруда аталган каражаттардын канчасын казынага төлөп, канчасын башка чыгымдарга жумшап жаткандыгы боюнча маалыматтар алар үчүн белгисиз экендигине токтолушту. Жеке ишкер Роза Айтымбетова барган сайын улам жаңы соода контейнерлери коюлуп жатканы менен салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгына кайдыгер мамиле күчтүү бойдон кала бергендигин белгилеп өттү:

- Барган сайын базар чоңойуп, контейнерлер коюлуп атат. Aр бир контейнердин баасы эң аз дегенде 5 миң доллар. Жакшы өтүүчү жерлерде контейнердин баасы 25 миң долларга чыгып кеткен. Ошолорду базардын ээлери сатып атат, бирок канча пайызы мамлекетке түшүп атат, ал бизге караңгы, андай нерсени бизге отчет беришпейт. Бирок мен ойлойм, эгерде биз орто эсеп менен алганда 10 миң доллардан контейнерлерди саткан учурда эгер мамлекетке төксө Карасуу шаарын Бишкектен да өйдө көтөрүп жиберсек болот болчу.

Ал эми Карасуу райондук жана Ош облустук салык инспекциясынын жетекчилери Карасуу базарынын ээлери өткөн жылдын июнь айында алмашылгандан кийинки салыктын өлчөмүнүн түшүшү, көбөйүшү, же болбосо азайышы боюнча толук маалымат берүүдөн баш тартышты.

Карасуу базар башкармалыгынын башчысынын орун басары Базарбай Бейшебаев жеке ишкерлерден көп өлчөмдө салык алынып жатат жана отчеттуулук жок деген пикирлерди төгүндөй тургандыгын айтып өттү:

- Бул жерде 2 миңге чейин салык төлөмдөрдү алып келебиз деп атышат. Биздин учурда 400 сомдон 1100 сомго чейин төлөгөн жерлерди билебиз. Базар элдики деген сөздү ар ким ар кандай түшүнөт экен. Кээ бирлери базар элдики болуп калды, бүгүндөн баштап биз салык төлөбөйбүз деген сөздөрдү айтышууда. Мурунку администрациянын учурунда орундун ээси базарга чыгабы чыкпайбы келип акчасын төлөп кетчү экен. Ал эми биздин учурда эгер ал базарга чыкпаса ошол күндөн баштап ордуна акча төлөбөй калат. Муну дагы эске алыш керек – деген оюн билдирди Карасуу базар башкармалыгынын башчысынын орунбасары Базарбай Бейшебаев.

Карасуу базарында соода кылган жеке ишкерлердин жыйынында алар базардын жаңы жетекчилигине ишеним көргөзбөй тургандыктарын айтышып, жер акысынын өлчөмүнүн ар түрдүүлүгү, мамлекетке төлөнгөн салыктарды жашыруу фактылардын бетин ачуу жана менчик ээлеринин статусунун аныктоо багытында текшерүүлөрдү жүргүзүүнү ишке ашыруу боюнча мамлекет башчысына кайрылуу жөнөтүштү.

XS
SM
MD
LG