Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

ПАЛЕСТИН ӨКМӨТҮ ХАМАСТЫН КОЛУНА ӨТҮҮДӨ


Палестин аймагында 18-февралда жаңы парламент ишке киришти. Парламентте бул ирээт согушчан Хамас уюмунун өкүлдөрү үстөмдүк кылат. Палестин лидери Махмуд Аббас Хамастан жаңы өкмөттү курууну суранды. Ал эми Махмуд Аббастын Израил менен буга чейин кол коюлган тынчтык келишимдерин таануу жөнүндөгү талабы хамасчылар тарабынан дароо эле четке кагылды.

Палестин автономиясынын жаңы парламентинде Хамастын 74 мүчөсү болот. Ал эми парламентте мурда үстөмдүк кылып келген Фатх кыймылынын 45 гана мандаты бар. Парламенттин бет ачаар жыйыны өткөн күндү Хамастын лидерлери "тарыхый" деп аташты.

Албетте Хамас үчүн бул - тарыхый окуя. Мындан бир айча мурдагы шайлоодо бул согушчан топ ишенимдүү жеңишке жетишкен эле.

Автономия президенти Махмуд Аббас парламенттин ачылуу жыйынындагы сөзүндө азыр өзү лидерлик кылган Фатх кыймылынын жакындагы шайлоодо Хамаска жеңилүүсү саясий жактан жаңы жагдайдын жаралуусуна алып келгенин белгиледи. Улуттук кызыкчылык эң башкы артыкчылык экендигине токтолуп, ал Хамаска толук кызматташтыкты сунуш кылды.

Бирок Палестин аймагынын президенти Махмуд Аббас айрым талаптарды да кошумчалай кетти.

Махмуд Аббастын айтымында, Хамас Израил менен Палестиндин учурдагы тынчтык келишимдерин таанышы керек жана Палестин мамлекеттүүлүгүнө жетүү үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүнү стратегиялык тандоо катары кабыл алыш керек.

Аббастын сөздөрүн анын Фатх партиясынан шайланган депуттар кол чабуулар менен коштошту, бирок кол чапкандар арасында хамасчылар болгон жок.

Хамас Израилдин жашоого укуктуулугун таануудан азыркыга чейин баш тартып келүүдө. Уюмдун Газадагы лидерлеринин бири Махмуд Захар мындай дейт:

- Биз сүйлөшүүнү жалгыз гана жол катары кароого канааттанбайбыз. Биз өнөктөшүбүз Израил, же мыйзамдуу мамлекет катары анын жашоого укуктуулугун таануу керек деген аргументтерди кабыл албайбыз.

Хамас 2000-жылдан бери террорчу жанкечтилер Израилге каршы жасаган алтымыштай чабуулдун артында турган деп эсептелет.

Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча төртилик топтун ичинен экөөсү - Америка Кошмо Штаттары жана Евробиримдик, - Хамас, эгер согушчан саясаттан баш тартып, Израилди таанып жана эки ортодогу азыркы тынчтык келишимдерин урматтабаса, анда аны менен мамиле түзбөсүн жана Палестинге каржылык жардамды кыскартаарын эскерткен эле.

АКШ менен Европада Хамас атүгүл террорчул уюмдардын тизмесине киргизилген. Алар автономиянын ири донорлору.

Ал эми төртилик топтун дагы бир мүчөсү - Орусиянын Хамаска карата туруму башкача. Жакында орус бийлиги Хамастын өкүлдөрүн Москвага чакырууну белгилеп жатканын жарыялады.

Орусиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Хамастын бийликке келгендиги - реалдуулук, андыктан аны тынчтык жараянына ынандыруу керек.

Соңку жылдары Израил менен палестин тараптан сүйлөшүү жүргүзүп келген Саеб Эрекаттын айтымында,эгер Хамас уюму Махмуд Аббастын тынчтык саясатын четке какса, бул олуттуу кризиске алып барат.

Израилдин өкмөтү болсо ушул жекшемби күнкү жыйынында Палестиндеги Хамас жетектөөчү өкмөткө каршы кандай чара көрүү маселесин талкуулаган жатат. Балким, Израил тарабынан Газа секторунан Израилге палестин жумушчулардын кирүүсүнө, товарлардын ташылуусуна тыюу салынышы мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG