Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Пакистанда полиция азил сүрөттөргө каршы демонстрацияга ок ачты


Пакистан полициясына европалык басма сөздө Мухаммед пайгамбарга тартылган карикатураларга нааразылык билдирип чыккан демонстранттарды көздөй ок атууга туура келди. Окуя 18-февралда өлкөнүн чыгышындагы чакан шаарда болду. Албуутанган топ дүкөндөрдү талкалап, өрттөөгө киришкен. Полиция аларды кууп тарткан учурда төрт адам жаракат алды.

Ызы-чуу коштогон нааразылык акциясы кечээ Ливияда да орун алды. Бегази деген шаарда демонстранттар Италиянын консулдугун басып алууга аракеттенишкен. Натыйжада полиция ок чыгарып, италиялык дипломаттардын билдиргенине караганда, он адам мерт болду.

Карикатуралардын жарыяланышына каршы бүгүн британ башкааласы Лондондо да 10 миңдей киши нааразылык акциясын өткөрдү.

XS
SM
MD
LG