Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Филиппиндин жер көчкү баскан кыштагында куткаруу иштери уланууда


Бирок куткаруучулардын айтымында, эми адамдардын аман табыларына үмүт аз. Азырынча тонналаган ылай кечээ өлкөнүн чыгышындагы Гинсахуган кыштагын басып калганда каза болгон 40тай кишинин сөөгү табылды, 57 адам аман –эсен куткарылган. Мындан сырткары 1800дөй киши дайынсыз жоголду деп эсептелүүдө.

Куткаруучулар биринчи кезекте 200 чакты окуучу мугалимдери менен көмүлүп калган башталгыч мектепке ашыгышты. Президент Глория Арройо куткаруу иштерине армиянын бардык күчүн жумшоого буйрук кылды.

Аймакта турган америкалык эки согуш кемеси 17 тикучма жана 1 миң аскери менен жардамга жиберилди. Бириккен Улуттар уюму, Кызыл чырым, Австралия, Тайван жардамын сунуш этишүүдө. Жер көчкү баскан кыштак өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү Лейте деген аралда жайгашкан. Жер көчкү бир нече күн нөшөрлөп жааган жамгырдын соңунан болду.

XS
SM
MD
LG