Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:01

НАРЫН: “ЖАҢЫ БАГЫТ” ЖАШТАР БАКТЫСЫН АЧАБЫ?


Нарын облусунда жаштарды колдоо максатын көздөгөн “Жаңы багыт” деген программа боюнча айылдык жаштар кооперативдери уюштурулууда. Бирок, мындай жөрөлгө коомдук ар кыл пикирлерди жана ишенбөөчүлүктөрдү жаратып жатат.

Нарын облусунун губернатору Жыргалбек Азылов облуста буга чейин 170 айыл чарба кооперативи бар экендигин, бирок мыйзамдардын чалкештигине жараша жана өз ара маалымдуулуктун жоктугунан иштебей келгендигин белгилейт.

-Акыркы жылдарды анализ кылып көрө турган болсок, миграция өсүп баратат, кетип аткандардын көбү жаштар, – дейт Жыргалбек Азылов.

Губернатордун айтымында 40-50 жашка чейин кедей болуп келген адам андан ары деле кедей болуп кала берет. Ошондуктан “Жаңы багыт” программасынын башкы максаты жаш үйбүлөлөрдү колдоо болуп саналат.

-Биздин колубузда болгон нерсе менен баштайлы дедик. Менин облус губернатор катары, облустук фонддо 250-260 тонна буудайым бар. Мен 260 тонна буудайды жыл сайын элге берем, бирок ар кимге тийет. Мен андан көрө жаштарга, бош жүргөндөргө берейин деп ойлоп жатам. Андан тышкары марафондордон, микрокредиттен калган бир жарым миллиондой акча турат, ошону менен баштайын деп атайын облустук программа түзүп атам жаштарга, – дейт губернатор.

Жумгал районундагы Куйручук айыл өкмөтүндөгү «Акниет» кооперативинин жетекчиси Кылыч Осмоновдун пикиринде кооперативде эң башкысы техника болуш керек:

-Техникасы болсо анда ал кооперативге мүчө болуп жаштар өздөрү кирет. Эртеңки күнү эгин айдалбай, чабылбай кала турганына көзү жетсе ал жерди карабайт, Казакстанга же Орусияга кетип калат иштегени.

Нарын районундагы Четнура айыл өкмөтүнүн тургуну Нурлан Турдубаев жаштардын өздөрүнө ишеним артат:

-Бул жерде өзүбүз кыймылдап, ары-бери жүгүрүп аракет кылсак, райондук өкмөттүн жардамдарын талап кылып көрөбүз. Колубуздан келишинче иштетип кете алат болушубуз керек деп ойлойм.

Нарында пайда болгон программа республикалык жетекчилерден да колдоо табууда.

-Үсөн Сыдыков министрлерди чогулуп, Нарында чыккан мындай идеяны президентибиз колдоп атат, бул жалпы республикалык программа болсун, эми ушуга сиздер жардам бергиле деп министрлерге тапшырма берди – дейт губернатор.

Жумгал районундагы Куйручук айыл өкмөт төрагасы Илим Насиров губернатордун оптимисттик ойлоруна кошула бербейт:

-Биздин элдин калп айтылган сөздөн көңүлү калган. Эл ынаныш керек. Быйыл кооператив түзүлүп атабы, көрөбүз. Эл-журт көрсө, анда элдин баары ушундай кооператив уюшулуп элдин жашоосу мына ошондо оңолот. Ал эми китепте, теледе айтыла берет. Чоңдор көрүнгөндү айта берет, ал болбойт. Жумушту айылдан башташ керек.

XS
SM
MD
LG