Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:30

“КАРИКАТУРА КРИЗИСИНЕН” ЧЫГУУ ҮЧҮН ПАКИСТАН ЧЕЧКИНДҮҮ АРАКЕТТЕРДИ КӨРӨ БАШТАДЫ


Төрөкул Дооров, Прага Пакистандын баш калаасы Исламабатта жекшембиде демонстрация уюштурганы жаткан радикал топтордун 100 дөн ашуун активисти кармалды. Мухаммад пайгамбарга тартылган карикатураларга каршы көчөгө чыгууну каалаган Ислам жамааты коалициясынын да айрым лидерлери камакка алынды. Алгач даниялык гезитте басылган азил сүрөттөрдүн айынан ушу тапта көптөгөн мусулман мамлекеттеринде нааразылык толкундары күчөп турат.

Малайзияда жаалданган мусулмандар Мухаммад пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөргө каршы экендиктерин билдирип жатышат. Бул сүрөттөргө бир эле малайзиялыктар эмес, үч башка континенттин мусулмандары да нааразы болушууда.

Бийликтер көзөмөлдү колго ала албай калышкан өңдүү. Бул жумада кан төгүлүү менен коштолгон Пакистандагы демонстрацияларды токтотуу үчүн жергиликтүү бийликтер өлкөдөгү алты диний партиянын альянсынын лидерлери менен жүздөгөн активистти камакка алды. Оппозициянын өкүлдөрү муну “антиконституциялык аракет” деп баалап жатышат.

Бирок Исламабад өкмөтүнүн ырасмий өкүлү Мухаммад Али: “Навада нааразылык билдирип, көчөгө чыккандардын саны беш адамдан ашса, алар камакка олтургузулат”, - деди.

Пакистан президенти Первез Мушарраф бул жумада дагы бир жолу азил сүрөттөрдү айыптай тургандыгын билдирди.

-Мен өзүм, мусулман катарында, динге акаарат келтирген бул өңдүү сүрөттөрдү катуу айыптайм. Мен дайыма айтып келем: экстремисттерби, террористтерби, токтоо, же прогрессивдүү мусулмандарбы, - айтор, баарыбыз, айрым маалымат каражаттарында басылган диңге шек келтирүчү бул карикатураларды айыптоодо биргебиз, - деди Пакистандын президенти Первез Мушарраф.

Бирок, ал элди чычалай бербей, азыр сабырдуу болууга, тынчтанууга чакырды.

Дания болсо Пакистандагы кандуу демонстрациялардан кийин, Исламабаттагы элчилигин убактылуу жабууга мажбур болду. Даниянын тышкы иштер министри мунун себебин кооптуу жагдай менен түшүндүрдү.

Ал эми Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Билл Клинтон Пакистанга барган учурда элди сабырдулукка чакырып, айрым гезит-журналдарда ал сүрөттөрдүн басылышы катачылык болгонун айтты.

- Мунун айынан эми эч ким көз жумбашы керек. Бул катачылык үчүн силер бүтүн мамлекетти, бүтүн континентти айыптабашыңар лаазым. Сүрөттөрдүн басылышы, менимче, оройлуктан да ашып, наадандыкка жатат. Мен ушул тапта буга өтө көңүлү чөгүп турган дүйнөдөгү мусулмандарга каршы эмесмин, мен демонстрацияларга да каршы эмесмин. Бирок ушул мезгил ортодогу көпүрөлөрдү бузуунун эмес, аларды куруунун мезгили. Азыр буга чоң мүмкүнчүлүк бар. Мен сиздерди ишендиргим келет: азыр дүйнө боюнча мусулман эместердин арасында көпчүлүк бул ката иш болуп калганы үчүн аябай үрөйү учуп турган чагы жана алар мында зордук-зомбулук эмес, түшүнүүчүлүк болот ко деп үмүттөнүп жатышат, - деди Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Билл Клинтон.

Бүгүн Индонезияда жүздөгөн адамдар көчөгө чыгып, нааразылык акциясы учурунда Мухаммад пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдүн басылышына АКШнын да тиешеси бар деп, Кошмо Штаттардын элчилигин таш баранга алышты.
XS
SM
MD
LG