Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:16

Бишкекте баш калкалап жүргөн өзбекстандык журналистке Швеция баш паанек берди


БИШКЕК. Бишкекте убактылуу баш калкалап жүргөн өзбекстандык журналисттер менен укук коргоочулар Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча башкы комиссарлыгы тарабынан кезек-кезеги менен үчүнчү өлкөгө чыгарылууда. Өзбекстандык дагы бир эркин журналист Толкун Караев 22-февралда Бишкектен Швецияга жол тартат

- Анжиян окуясынан соң качып чыккан өзбекстандык журналисттер менен укук коргоочулардын бир бөлүгү акыркы сегиз ай ичинде Кыргызстанда баш калкалап турушту. Бизге Швеция мамлекети баш калка берип, мен дагы сапар алдында турам. Өзбекстандагы басым-кысымдан улам биз өлкөнү таштап, Кыргызстанда жашап турганга аргасыз болдук.

Толкун Караевдин айтымында, буга чейин үч өзбек журналисти жана бир укук коргоочусу аталган өлкөгө чыгарылган. Маалыматтарга караганда учурда Кыргызстандын аймагында дагы өзбекстандык 4-5 чакты укук коргоочу менен эркин журналисттер баш калкалап турушат. Алар Кыргызстанга убактылуу баш калкалоо үчүн өткөн жайда келишкен.

XS
SM
MD
LG