Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

АЛТЫНБЕК САРСЕНБАЕВДИН ӨЛТҮРҮЛҮШҮН ИЛИКТӨӨГӨ АМЕРИКАЛЫК ТЕРГӨӨЧҮЛӨР КАТЫШАТ


Нарын АЙЫП, Прага Казак оппозициялык саясатчысы Алтынбек Сарсенбаевдин өлтүрүлгөнүн тергөө иштерине америкалык адистер дагы катышмай болду. Ал тууралуу казак өкмөтү дагы, АКШнын Федералдык тергөө бюросунун өкүлү да билдирди.

Казакстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, мурдагы министр, 2002-2003-жылдарда өлкөнүн Маскөөдөгү элчиси болуп иштеген Алтынбек Сарсенбаевдин денеси Алматы шаарынын алдында 13-февралда табылды. Аны менен кошо анын айдоочусу менен сакчысынын денелери да жаткан, үчөөнүн тең колдору байланган жана алар желкеге атылып өлгөн. 2003-жылдан тартып Сарсенбаев оппозицияга өткөн жана "Ак жол" партиянын тең-төрагасы болчу.

Казак оппозициясы окуяны дароо саясий деп баалады жана акырында бийлик өкүлдөрү дагы өлтүрүүнүн артында саясат жатышы мүмкүн деп айта баштады, бирок алардын пикиринде, мындай өлтүрүү - Казакстандагы абалды бейстабилдештирүүнү каалаган күчтөр үчүн гана пайдалуу.

15-февралда өткөрүлгөн жаназага Алматынын мэри, мурдагы премьер-министр Исмангали Тасмагамбетов, дагы бир мурдагы премьер Нурлан Балгимбаев, Коопсуздук кеңешинин өкүлү Марат Тажин, АКШ элчиси Жеймс Ордуэй жана оппозиция жетекчилери катышты.

Анын эртеси, 16-февралда болсо өлкөнүн Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, Сарсенбаевдин өлүмүнүн айланасындагы жагдайды иликтөөгө АКШнын Федералдык тергөө бюросунун адистери катышат. Ал маалыматты кийин Бюронун жогорку кызматкерлеринин бири Стивен Кодак "Азаттыктын" Нью-Йорктогу кабарчысы Никола Крастевке тастыктады: "Бизге андай сураныч келип түшкөнүн мен тастыктай алам жана биз азыр өз адистерибизди жиберип жатабыз, алар алгач - биз кандай жардам көрсөтө алаарыбызды аныктайт. Азырынча мен ушуну гана билдире алам", - деди Кодак.

Бирок анын айтымында, тергөө жыйынтыктарын америкалык адистер өздөрү жарыялабайт, алар бардык табылган маалыматтар менен фактыларды казак тарапка берет жана акыркы корутундуну казак жетекчилиги өзү чыгарууга тийиш. "Биз дайым ишибиздин жыйынтыктарын окуя болгон өлкөнүн жетекчилигине беребиз. Аны кандай максатта пайдаланаары - алардын өз иши. Алар өздөрү чыгарган жыйынтыктарга биз тапкан маалыматтар туура келбесе, аны кантип пайдаланууну алар өздөрү чечет. Биз жөн гана бейтарап иликтөө өткөрөбүз жана тапкан маалыматтын баарын ал өлкөгө өткөрүп беребиз", - дейт Стивен Кодак.

Былтыр май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуяга эл аралык иликтөө салууга Ташкен макул болгон эмес жана дүйнөлүк коомчулуктун катуу сынына кабылган. Байкоочулардын айтымында, казак жетекчилиги азыр ошондой сын айтылбашы үчүн америкалык адистерди тергөө иштерине катышуу үчүн чакырууда.

Акыркы бир жарым жылдын ичинде бул - Казакстанда болгон үчүнчү орчундуу өлүм. 2004-жылдын декабрында "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген партияны негиздеген саясатчылардын бири Ерлан Такишев өлгөн, аны бийлик - мергенчилик учурундагы кокустуктан болгон деп жарыялаган. Былтыр ноябрда белгилүү оппозициялык саясатчы Заманбек Нуркадилов үч ок менен атылын өлгөн. Расмий тергөө - ал өзүн өзү атып өлгөн деген жыйынтыкка келген.

XS
SM
MD
LG