Палестинанын лидери Махмуд Аббас Израил салык жана бажы төлөмдөрүнүн эсебинен ай сайын 50 млн. доллар которууну токтотуп, АКШ мурда берилген ушундай өлчөмдөгү жардамды кайра кайтарып берүүнү талап кылган соң Палестин автономиясы финансылык кризиске кириптер болууда деп билдирди. Тель-Авив менен Вашингтон урушчул “Хамас” уюму үстөмдүк кылган палестин парламенти ант берип ишке киришкенине байланыштуу ушундай чечим кабыл алышкан. Ал тапта “Хамастын” лидери Халед Мешаал кечээ Тегеранга барып, Ирандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө.