Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

ДАГСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын бир субъектиси Дагстанда дүйшөмбүдө Элдик жыйын өзүнүн кезектеги олтурумунда биринчи жолку жумурият президентин шайлады. ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматтагыдай, Орусиянын түштүк округу боюнча президенттин өкүлү Дмитрий Козак ал жыйын алдында президентке үч талапкер ысымдарын атап, алардын ичинен Элдик жыйындын төрагасы болуп келген Муху Алиев шайланган. Дагстандын башчылык орундун бошошу буга дейре ал орунду жыйырма жылдан ашуун убак ээлеп келген Магомедалы Магомедовдун денсоолугуна жараша мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетишинен улам болгон.

Түндүк Кавказдагы эң чоң жумурият Дагстанда чукул арада бийлик алмашты. Мурунку аптада Владимир Путин ал жумурият жетекчисин эки курдай кабыл алды. Ошондон соң 1983 жылдан бери Дагстанды башкарып келаткан Магомедалы Магомедов кызматтан өзү кетип атканы маалым болду. Анализчилер чөйрөсүндө Магомедалы Магомедовду кай бирлери ал Дагстанды жетектегени жумуриятты мекендеген 102 этностун, анын ичинен 14 «титулдук улуттун» башын коштуруп, ички ыркты, ырааттулукту сактап келатат деп мактайт экен. А кай бирлери ал Дагстанда башкарганы террорчулук кайсаган жарандар эсеби Чеченстанда согушта курман болгондордон артып кетти, жумуриятты Орусиянын эң жарды субъектисине айлантты деп сындайт экен. Ошол жетекчи демилгеси менен кезегинде Дагстан президенттик институттан баш тартыптыр.

20-февралда Дагстандын оңдолгон конституциясына ылайык Элдик жыйын депутаттары колго салуу астында тунгуч президентти шайлашты. ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта, парламенттеги 40 депутаттын бирөө гана каршы чыгып, калганы ал мөөнөткө дейре жыйындын төрагасы болуп келген Муху Алиевди колдоп добуш берген.

Анализчилер айткан болжолдо жумурият президентин эркин тандоо болгондо улуттар аралык кармаш сөзсүз пайда болмок. Ошондон улам ал тургай көп улуттуу жумуриятта ойлонуп табылган эреже да бар экенин эскеришет. Ал эрежеге ылайык эгерде мамлекеттик кеңеш төрагасы даргин болсо, элдик жыйын төрагасы авар, ал эми өкүмөт башчы сөзсүз кумык болушу керек дешет. Эми жумуриятты жетектөө президент колуна өткөндөн тартып ал эреже сакталбай калса, бийлик талашуудан улам элдер арасында кагылышуу башталат дегендер да бар. Орусиялык Кавказ борбору институтунун жетекчиси Энвер Исраев айтканга караганда, ага туруштук берчү күч бар жана андай күч болуп Маскөө таасири эсептелет:

«Маскөө адаттагысындай эле жумурият (Дагстан – ММ) үстүнөн админстративдик буйрук берүү жолу менен башкарып ала алат», - дейт окумуштуу.

Эксперттер болжолунда Дагстандагы кол салуунун басылбашы ал жумурияттагы уюшкан кылмышкерлер тобу гана колуна курал алып күрөшкөн исламчылдар, Чеченстанда жикчилдер менен байланышы барынан улам болуп аткан иш. Былтыркы жылы орто эсептен алганда ар бир аптада кол салуу болуп милиционерлер менен ок атышуу болуп анын натыйжасында ИИМ жана Улуттук саясат министрлери окко учканы белгилүү. Азыркы тушка дейре ал жумуриятта ок атышуу, жардыруулар куду Чеченстандагыдай эле тездикте болуп турат.

Иши кылып, ушундай эл арасы тынчыбаган жумуриятка улуту боюнча авар Алиев жетекчиликке келди. Эми ал мурдагы шертти бузбаш үчүн Элдик жыйын төрагалыгына улуту боюнча даргин, жашы 47ге келип калган Магомедовду - кызматтан түшкөн мурдагы жетекчи Магомедовдун баласын дайындайт дешет.

Баса, Алиев талапкердигин мурунку аптада президент Путин Кремлде кабыл алуусу менен аны «жактырарын» билдирген. Орусиянын субъектер жетекчисин жалпы эл колуна салып шайлоо 2004 жылы жоюлган. Ал ошондон тарта Кремлдин көргөзүүсү менен, андан соң жергиликтүү парламент тандоосу астында болуп калган.

XS
SM
MD
LG