Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

ТЕКЕБАЕВ СПИКЕР БОЙДОН КАЛДЫ. КЫРГЫЗ РЕВОЛЮЦИЯСЫН НЕГЕ “САМОПАЛ” ДЕП СЫНДАШАТ?


Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын 20-февралда карашты. Жашыруун добуш берүүнүн негизинде Өмүрбек Текебаев төрагалык орунда калды. Бул тууралуу апта башында чыккан гезиттер жазышты.

20-февралда парламентте ушу суроонун тегерегинде кызуу талаш жүрдү. Өмүрбек Текебаевдин кетишине 34 депутат "макул" деп добуш беришти, төрага кызматтан кетиши үчүн 38 добуш зарыл болчу. Ошентип, Өмүрбек Текебаев төрагалык кызматта калды. “Агым” гезити 21-февралдагы санында Өмүрбек Текебаевди колдогондордун жана ага каршы чыккандардын тизмесин жарыялады.


Ушул эле гезитте президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төргасы Турсунбек Акун менен маек орун алды. Анда ал өлкөдөгү саясий кырдаал, айрым округдарда өтчү шайлоо тууралуу сөз кылды. Ошондой эле Турсунбек Акун КТР жөнүндө айтып жатып, “акыркы мезгилде Кыргызтелерадио компаниясы бир жактуулукка ооп кетти”, деп билдирди. Ал мында бийликтин эч кандай тиешеси жок экенин айтат.

Президенттин иниси, ички иштер министрликтин транспорттогу Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Жаныбек Бакиев менен маек “Аалам” гезитинин 21-февралдагы санында жарыкка чыкты. Анда Жаныбек Бакиев анын бул кызмат ордуна келишине агасынын даражасынын эч кандай таасири болгон эместигин айтты.

“Мени азыр жөн жерден эле кызматымдан алып коюуга негиз жок, мен көчөдөн келип эле бул кызматка отуруп калганым жок да, артымда бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн бай тажрыйбам бар. Тескерисинче, азыр менин жана бир туугандарымдын кызматтык карьерасы - биздин агабыздын кызмат абалына байланыштуу токтоп калды деп айтсам туура болот”,- деп Жаныбек Бакиев гезитке берген маегинде билдирди.

24-март окуясынын бир жылдыгына саналуу гана күндөр калды. Дүйнөнү дүңгүрөткөн жана акаевдик бийликти аттан оодарып түшкөн кыргыз төңкөрүшү өз максатына жетпей калды дегендер бийлик өкүлдөрүндө да, карапайым калк ичинде да бир топ.
Буга өзгөчө коррупциянын азайбагандыгы, кылмыштуулуктун өскөндүгү себеп болуп келсе, эми дагы жаңы себептер кошулду.

«Замандаш» журналынын февралдагы санында «Төңкөрүш ара төрөлдү беле, же кыргыз революциясын неге “самопал” дешүүдө?»деген макалада Абдыкерим Муратов март окуясыянан кийин өлкөдө болгон өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылат. Автордун жазышынча, дагы бир эски революционер Нурлан Мотуев Каракече көмүрүн “басып алып” өзүнчө бир мамлекет болуп жатат. “Бул арада эң бай да, эң кыраакы да, кадыр-баркы да жок эмес Кубатбек Байболов бир топ саясый күчтөрдүн башын кошуп бириктире алды, бирок алар таразанын ташын ортодо кармап турат, Курманбек Бакиевге оойбу, башкагабы, учуру келгенде алар көп нерсени чечет”, деп жазат макала автору .

Акыркы айларда Кыргызстанда партиялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар маанилүү окуялар болуп өттү. Өлкөдөгү саясий партиялардын ролу тууралуу журналист Жыргалбек Касаболотов кеңири баяндады. «Замандаш» журналында орун алган «Партиялар сандан сапатка өтөбү?» деген макалада автор партиялардын сапаты эмес, саны үстөмдүк кылып жаткандыгын айтат. Автордун жазганына караганда,Кыргызстандагы партиялардын ишин артка тартып турган бир канча жагдайлар бар. Биринчи эле көзгө урунганы - партияларга элдин мамилеси алардын программасынан же идеяларынан эмес, алардын башында турган саясатчылардан көз каранды.

«Партиялардын программалары бири-бирине окшош, көбү конкреттүү саясатчылардын кызыкчылыгы үчүн түзүлүп келатат. Мамлекеттик жана коомдук менчик үчүн күрөшүп, жеке менчикке каршы чыккан Коммунисттик партиядан башкалары бул жагынан бири-биринен анча айырмаланбайт», деп жазат автор.
XS
SM
MD
LG