Улуттар уюмунун жогорку комиссары бир аптага созула турган сапары маалында Орусиядагы адам укуктарынын абалы менен таанышат. 23-февраль күнү Арбур айым Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин жана тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуулар өткөрөт. Ал жолугушууну утурлай, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Михаил Камынин Арбур айым менен кездешүү маалында Кремлдин жетекчилери “адам укуктарын саясатташтыруу” жана “кош стандарттар” жөнүндө сөз кылаарын эскертти.
Москвадагы “Мемориал” укук коргоо уюмунун Ингушетиядагы өкүлү Усам Байсаев дүйшөмбүдө Арбур айым менен жолугушууга катышкан активисттердин бири.
- Биз бир сааттай созулган жыйында Чеченстан менен Ингушетияда жасалган башкы кылмыштарды атап чыгууга гана үлгүрдүк. Арбур айым бизге жок дегенде бир суроо узатууга убакыт таппады. Биз комиссар айымдын кызматына карай, ал Орусиянын тышкы иштер министрлигинен адам укуктары бузулган тирүү адамдар менен кездештирүүнү, бийликтегилердин көрө бейөкмөт уюмдардын, укук коргоо уюмдарынын активисттерине көбүрөөк убакыт бөлүүнү өтүнөт ко деп күткөн элек.
Улуттар уюмунун жогорку комиссары бирок дүйшөмбүдө Түндүк Осетиядагы согуш маалында көчүп келген ингуштар лагерине барууга үлгүрдү. Гамурзиево кыштагында орун алган ал лагерде 18 миңдей адам жашоого ыңгайсыз шарттарда 13 жылдан бери күн көрүп келатат. Орусиянын бийликтери ал жерде 7000дей адам жашайт деген маалымат таратууда.
Андан тышкары Арбур айым Чеченстандагы согуштардан улам жер которууга аргасыз болгон адамдар менен жолугушат деп күтүлгөн эле. Ар башка булактардын айтымында, Чеченстандагы кандуу булоондон Ингушетияга качкан адамдардын саны 13 миңден 30 миңге чейин чамалап барат. Санитардык талаптарга жооп бербейт деп, былтыр Ингушетия бийликтери Чеченстандан көчүп келгендер убактылуу жашаган жайларды жабуу планын жарыялаган эле. Жергиликтүү укук коргоочулар бийликтегилердин мындай аракетин чечендерди күчкө салып үйүнө кайтаруу жөнүндөгү Москванын тапшырмасын аткарып жатат деп комментарийлешкен. Бейөкмөт уюмдардын каршылыгынан улам ингуш бийликтери бул ишти кийинкиге калтырганын билдиришкен.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары 21-февралда Чеченстанда, эртеси Түндүк Осетияда болуп, Бесланда 300дөн ашун кишинин өмүрүн алып кеткен барымтаны баштан кечирген мектепке барат.