Тергөө органдарынын оперативдүү маалыматтарына караганда, бойдон алдырылган 12 түйүлдүктүн жасаты Карасуу райондук ооруканасынын гинекология бөлүмүнүн батыш тарабынан желим баштыктарга оролуп ыргытылган жеринен табылган. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын тергөө иштери боюнча орунбасары Урайым Ташиев бул окуя боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, оорукананын бир катар тиешелүү кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткандыгын билдирди:
- Карасуу райондук борбордук оорукананын гинекология бөлүмүнүн жанында табылгандыгы үчүн, ошолор тарабынан жасалганбы деген шек менен алардын үстүнөн азыр иш чара жүргүзүлүп жатат. Күнөөлүүлөр үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылып жазаланат. Гиппократтын антын алып, анан ушундай ишке барган бул аябай ырайымсыздык мамиле деп эсептейм. Үстүнөн атайын иш козголгондон кийин биз тиешелүү жыйынтык чыгарабыз.
Аталган окуя боюнча Карасуу райондук оорyканасынын гинекология бөлүмүнүн кызматкерлери комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми “Мээрим” менчик гинекология борборунун башкы дарыгери Санавар Мансурова үч айдан өтүп жетилип калган түйүлдүктөрдүн мыйзамсыз бойдон алдырылышын жана желим баштыктарга салынып ыргытылышын дарыгерлерге таандык болбогон ырайымсыздык деп сыпаттады:
- Бойдон алынган балдардын баарын желим баштыкка салып ыргытып койгонун көрдүк. Бул анык дарыгер кылган иш эмес деп ойлойм. Анткени, ак халат кийгендер Гиппократ антын бергендиктен, бойдон алынган баланы ыргытпай коюп коюш керек эле.
Анткен менен бир катар жергиликтүү талдоочулар кийинки учурларда мыйзамсыз бойдон алдыруу учурлардын көбөйүп жатканын белгилешет. Мындай жосундарга каршы туруунун ордуна айрым дарыгерлер Гиппократтын антын бузуп, түйүлдүктөрдү өлтүрүү ири бизнес булагына айландырып алышкан.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары Урайым Ташиев Карасуу шаарында табылган түйүлдүктөpдүн жасаттары боюнча коюлган кылмыш ишине түздөн-түз жана кыйыр тиешеси бар деп шектелген медицина кызматкерлеринин жана башка адамдардын үстүнөн далил каражаттар, күбөлүк көрсөтмөлөр иликтөөгө алынып жаткандыгын кабарлады.