Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

БАТКЕН : ТАЖИК АТУУЛУ МЫЙЗАМСЫЗ ЭЭЛЕП АЛГАН ЖЕР КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАРЫЛДЫ


Сабыр Абдымомунов, Баткен Баткен районунда Тажикстан атуулу Шавкат Ражабов кыргыз бийликтеринин кысымы астында чегарадагы Кыргызстанга таандык жерге тиккен отуз эки көчөтүн өзү жулуп ыргытышка мажбур болду. Ошондой эле бул жакка улуксатсыз салган үйүн бузуп кетүү үчүн тажик атуулуна төрт күн мөөнөт берилди.

Кыргыз-тажик чегинде жайгашкан Аксай айыл өкмөтүнүн карамагындагы Чекдөбө, Кара жана Кара-2 участкаларында Тажикстандын Чорку айылынын тургуну Шавкат Ражабов мыйзамсыз жер ээлеп алган болчу. Бул мыйзамсыз экендигин кыргыз тарап эскерткенине карабастан ал жаздын келиши менен көчөттөрдү отургузуп, жада калса там да салып алган экен.

20-21-февралда Кыргызстандын ички иштер жана чегара кызматкерлери Тажикстандын ээнбаш атуулун мыйзамсыз тигилген көчөттөрдү жулууга аргасыз кылышты. Эми ал мыйзамсыз ээлеп алган жерге сала койгон үйүн төрт күндүн ичинде бузуп кетүүгө тийиш. Эгерде тажик атуулу бул мөөнөттө турак жайын бузуп кетпесе, бул ишти кыргыз тарап өзү жасамакчы.

Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук акимчиликтин укук коргоо жана коргонуу секторунун башчысы Таштемир Эшалиев билдирди.

Чекдөбө, Кара жана Кара-2 участкалары кыргыз үй бүлөлөрү үчүн 90 жылдары тамаркага бөлүнгөн экен. Бирок, чегарадагы чыр чатактардын айынан алар үй салууга батынбай кооптонуп жүрүшөт. Өткөн жайда бир катар кыргыздардын үйлөрү тажик атуулдары тарабынан тонолгон фактылар болгон.

XS
SM
MD
LG