Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:48

ПУТИНДИН КӨӨНҮ АЗЕРБАЙЖАНДЫ ОРУСИЯГА ЧУКУЛДАТУУ


Маскөөдөн Муса Мураталиев Орусиянын президенти Владимир Путиндин Азербайжанга эки күндүк иш сапары 21-февралда башталды. ИТАР-ТАСС агенттиги билдиргенге караганда, Азербайжан президенти Илхам Алиев менен болуучу жолугушуу маалында ортодогу башкы кеп - мамлекеттер арасындагы энергетикалык кызматташуу, террорчулук менен күрөшүү, Каспий деңизи чегиндеги жагдай жана Тоолукарабак кармашын тартипке салуу маселелери болмокчу. Онго чукул келишимдерге кол коюшуулар болору айтылууда.

Орусиялык лидер Азербайжанга ушуну менен экинчи жолу барышы. Биринчи жолу ал Гейдар Алиевдин көзү тирүү кезде, 2001- жылы барган. Азербайжан президенти 2003 - жылы октябрде шайлангандан тартып Маскөөгө беш жолу келип, анын эки жолкусу ырасмий иш сапары деп аталган. Президент Путиндин бул жолку сапары ырасмий Азербайжанда Орусиянын жылдыгын ачуу болгону менен чындыгында анын көөнү Бакыны такыр орусиялык өнөккө айлантууда болот деп айтышат.

Ал жолго чыгардын алдыңкы күнү өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Камынан: «орусиялык-азербайжандык алака стратегиялык өнөктөш болгудай деңгээлге жетти», - деген пикир таркатты. Ошол эле өкүл айткан маалыматта эки мамлекет ортосунда былтыркы товарлар чуркашы бир миллиард долларга чукулдап барган. Эмгек мигранттары тапкан акча деле ага чамалаш экенин айтышат. Маселен, былтыр Орусияда эмгек этип жүргөн азербайжандык иммигранттар үй-бүлөсүнө жөнөткөн акча эсеби да бир миллиард доллардын айланасында болуптур. Мындай мисалды Азербайжандын адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Элдар Зейналов бул күнү «Азаттыкка» айтты:

«Азербайжандын тышта эмгек эткен жарандар эсеби бир жарым миллионго чукул. Алардын ар бири үйүнө ар айына орто эсептен алганда 100 доллардан жөнөтүп трурушат. Аны жалпы алганда өлкөнүн жылдык бүжетинин эки жолку өлчөмү келип чыгат. Мындайча айтканда, биз кара майдан түшкөн кирешеге караганда жашылча менен гүлдөн алган кирешеден көбүрөөк байып атабыз», - дейт Зейналов.

Эки өлкө соода-экономикасындагы алакада өзгөчө орунду азербайжан карамайын Бакы-Новороссиялык ноо менен четке тартып чыгаруу ээлейт дешет. Ал ноо менен бир эле 2005-жылы азербайжандык 4 миллион тонна карамай башка өлкөлөргө жеткирилген. Бирок ал байлыктан өлкө казынасына түшүп аткан акчанын жарандарга жөлөгү болбошун экономикалык анализчилер айтышат.

«Газета» басылмасы Бакынын Маскөө алдында көзкаранды болор жагы бар экенин кеп кылат. «Жылына Азербайжан орусиялык 4 миллиард кубометр газ жагат. Бирок Бакынын Украинадан айырмасы, ар бир миң кубометр газ үчүн орусиялык тарап ага 110 доллардан сатат», - деп жазат. Ошол эле учурда Азербайжан колундагы Каспий астынан чыкчу карамай анын кебин Кремл кожоюну менен болчу сүйлөшүүдө өтүмдүү кылат дешет.

Бакылык эксперт Инглаб Ахмедов айтканга караганда: «Бакы-Тблиси-Жейкан карамай акчу ноо тармагы Азербайжанды Батыш менен бекем байланыштырып салды». Жакында Кремл газ, карамай тансыктыгын туудуруп Батышты жүдөткөндө европалыктар көөнү Бакы аркалуу дагы бир карамай акчу ноо тармагын курууда болду. «Гейдар Алиев - Батышка да Орусияга да жемин жедирбеген саясатчы эле. Кийин абал оорлой баштады. Эми Бакы же Батышка же Орусияга карап оого аргасыз болот», - деген азербайжандык эксперт.

Азербайжан үчүн абдан оор маселе Тоолу Карабак болуп атканын анализчилер белгилешет. «Жакында Париждин кыйырында Рамбуйеде өткөн президенттер Илхам Алиев менен Роберт Кочаряндар жолугушуусу эч натыйжа бербеши буга күбө. Мына ошол жолугушуу маалында Орусиянын кийлигишүүсү болуп ошондон улам Армениянын айткан жообу катуу болгон», - деп жазат ПанАрмениан сайты (PanArmenian.Net) дүйшөмбү күнү.

Президент Алиев бул жолу Тоолукарабак маселесин чечүүдө Маскөөнүн кабелтең киришип берүүсүн өтүнөт дешет. Ошондой эле Грузиядан чыгарылып кетип аткан согуштук техниканы Арменияга жөнөтө башташы тынчсыздандыра турганын билдирмекчи дешет.

XS
SM
MD
LG