Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 06:22

ИРАН: ӨЗӨКТҮК ПРОГРАММА ЧАТАГЫНДА ӨЗГӨРҮҮ БАРБЫ?


Иран өзөктүк программасы БУУнун Коопсуздук кеңешинде каралышын алдын алуу үчүн соңку дипломатиялык аракеттерди көрүп жаткандай. Өлкөнүн тышкы иштер министри Манучехр Моттаки дүйшөмбү күнү Брюсселде, Еврокомиссияда болду. Ал эми Тегерандын дагы бир делегациясы соңку эки күндөн бери Москвада Орусиянын уранды анын аймагында байытуу сунушу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр боюнча бир жаңсыл тыянак чыгаруу эртелик кылат.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүү столуна кайтуу аракети Евробиримдик тарабынан азырынча четке кагылгандай.
Уюмдун тышкы саясатты тейлеген жетекчиси Хавьер Солананын дүйшөмбү күнү Иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки менен жолуккан соң билдиргенине караганда, Тегерандын туруму өзгөргөн эмес. Андыктан ал Иранды конструктивдүүрөөк болууга үндөдү.

Манучехр Моттаки Евробиримдиктин тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро -Вальднер менен да кездешти. Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Эмма Удвиндин айтымында, анда Тегеранга өзүн-өзү обочолонтпоо чакырыгы айтылган:

-Комиссар бизде Иранды обочолонтуу ниетибиз жок экенин ачык айтты. Кайра биз Иран өзүн -өзү обочолонтууга барбайт го деген үмүттөбүз.

Ал эми Орусиянын, азырынча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жыйынтык бере элек сунушу, Ирандын өзөктүк программасына байланышкан чатакты чечүүдө мунасага алып баруучу жол катары эсептелүүдө. Москва Ирандын өзөктүк программасынын муктаждыгы үчүн уранды анын аймагында байытуу боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылган. Ал эми Тегеран болсо өзөктүк отунду кайра иштетүү боюнча толук циклди өзүндө сактап калууну көздөөдө. Бул тууралуу Иран тышкы иштер министри Манучехр Моттаки Брюсселде болгон учурунда да айтты:

- Биз кызматташтыгыбызды азыркы турган чегибизден ары улантабыз. Бул изилдөөлөрбүз токтотулбайт дегенди туюндурат. Орусиянын сунушу негизги өзөктүк отун өндүрүшү үчүн. Анын сунушунун башкы элементтери, долбоордун катышуучулары, ишке ашыруу орду, убактысы каралып көрүлүшү керек.

Иран азыр уранды байытуу ишин өзүндө калыбына келтирген. Кытай тышкы иштер министрлиги шейшемби күнү Тегеранды маселе сүйлөшүү жолу менен чечилиши үчүн ошол уранды байытуу ишине киргизилген мораторийди калыбына келтирүүгө чакырды.

Ал эми Москвада сүйлөшүүлөр аяктаган соң, ал улантылары гана маалымдалды. Ирандык делегациянын башчысы Али Хоссейниташ сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн оң баалады. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, азырынча сүйлөшүүлөр "ийгиликке жеткен жок" же "оңунан чыкпай" калды деш эртелик кылат. Анткени ал аяктай элек.

АКШ менен Евробиримдик ириде Иран өзөктүк отунду кантип өндүрүп жатканын билгиси келет. Себеби алар Тегеран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасоодобу деп кооптонот. Тегеран болсо программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келүүдө. Манучехр Моттаки мунун Евопарламеттин тышкы байланыштар комитетинде сүйлөгөн учурунда кайра кайталады:

- Биз өзөктүк куралга муктаж эмеспиз. Өзөктүк курал динибизге, ишенимибизге, өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына ылайык келет деп эсептебейбиз.

Иран тышкы иштер министри кошумчалагандай, айтор кандай болгон күндө да, Евробиримдик менен АКШ Ирандын өзөктүк технологияга жана уранды байытууга укугун таанышы керек. Тегерандын мындай туруму талашта мунаса табылбачыдай экенин каңкуулап тургансыйт. Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭнин Директорлор кеңеши кырдаалды эми 6- марттагы жыйынында талкууламакчы. Евробиримдик ушул айдын башында МАГАТЭнин Иран маселесин БУУнун Коопсуздук кеңешине сунуш кылуу жөнүндөгү чечимин колдогон. Маселе Коопсуздук кеңешинде каралган шартта, Иранга каршы санкция киргизилиши да ыктымал. Москва келген ирандык делегациянын башчысы Али Хоссейниташтын айтымында, соңку сүйлөшүүлөрдө тараптар маселенин Коопсуздук кеңешине берилиши талашты чечүү боюнча азыркы жараянга зыянын тийгизиши мүмкүн деген тыянакка келишкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG