Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

ХАМАСТЫН ЖЕҢИШИ АКШНЫН ТҮЙШҮГҮ. АРАБ ЛИДЕРЛЕРИНИН ДА ...


Амирбек Азам уулу Прага АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс 21-февралда Каирге келди. Катчы айым Мисирден соң Сауд Арабияга жана Бириккен Араб Эмирлигине барат. Сапардын максаты- ХАМАСты жана Иран өкмөтүн кысмакка алуу боюнча АКШнын саясатын колдоого алдыруу.

Палестинада бийликке келген радикалдуу ХАМАС кыймылы менен кандай алака күтүү керек? Бул суроону Мамкатчы Кондолиза Райс Мисирдин жетекчилери менен талкуулайт. Райс айым ай башында мойнуна алгандай, ХАМАСтын парламенттик шайлоодогу жеңиши, Ак Үй үчүн үчүн капылет окуя болду.

Кошмо Штаттары ХАМАСты террорчул уюм деп санайт. АКШнын мыйзамы өкмөттүн террорчу уюмдар менен кызматташуусуна тыйуу салат. Андыктан, Буштун өкмөтү ХАМАС башындагы Палестин өкмөтүн каржылай албайт.

Вашингтондук ырасмий адамдар Палестинада жагдай кандай өнүгөөрүн байкап көрүшөөрүн айтышат. Бирок, Жорж Буш эбак эле ХАМАС куралсызданып, зобун-зордуктан баш тартып, Израилди таанымайынча, Палестинанын жаңы өкмөтү менен АКШ кызматташпасын билдирген.

Ак Үй былтыр Палестинага 313 миллион доллар жардам берген.Көпчүлүк талдоочулардын айтымында, ХАМАС азыр Мисир жана башка араб өлкөлөрүн ойго салып турган чак. Алар АКШ сыяктуу эле исламчыл топ карапайым калк арасында популярдуу болуп кетет деп чочушат. Ошол эле маалда, букараларынын каарына калбас үчүн, өздөрүн Вашингтондун саясатынан алыс туткулары келет. Анын үстүнө, лондондук эксперт Йосси Мекелберг баамдагандай, АКШнын региондогу демократияны колдоо саясаты да туңгуюкка кептелип турат. Кыргызча айтканда, кырдаал “Өйдө чыкса өгүз өлүп, ылдый түшсө араба сынган” абалда:

- Берегидей абал Араб өкмөттүнө эле эмес, демократияны демөөрлөгөн Батышка да тийиштүү. Батыштыктар үчүн демократия эң алды эркин шайлоо дегенди билдирет. Биз болсо, шайлоонун жыйынтыгына карап, аны таныгыбыс келбей жатат. Себеби, биз фундаментилизмдин тамырына өз маалында бөгөт койо алган эмеспиз.

Жосси Маккелберг- Лондондогу Чатам борборунун Жакынкы Чыгыш боюнча эксперти. Ал ислам кыймылдарынын популярдуулугун элдин жакыр турмушу жана өкмөттөн көңүл калуусу менен түшүндүрөт:

- Бийликке эл ичинде ишеним качкандан улам радикалдуу ислам кыймылдары эл арасында колдоо алышууда. Бул өнүгүүнүн жана гендердик теңчиликтин же жакырчылык менен билимдүүлүктүн, демократия менен адам укуктарынын да проблемасы. Мунун баары өкмөттүн кемчилиги. Эл шайлоодо өкмөткө болгон мамилесин көрсөттү. Эми аларга ынкылаптын кереги жок. Алар өкмөткө ишенбей калышканын жана ага нааразы экенин билдирүү үчүн добушканаларга барса эле жетиштүү болуп калды.

Маккелбер Жакынкы Чыгыштагы жагдайды Ирандын ядролук саясатка катар өтө агрессивдүү тышкы саясаты да татаалдантып жатканын айтат:

-Бүгүн ХАМАСтын жетекчилеринин бири Халед Мешаал Тегеранга ырасмий сапарга барды жана Ирандан бекем колдоо алды. Иран ага: “Акчадан камтама болбогула. Биз силер үчүн акча таап беребиз. Эл аралык коомчулук акчадан таңсык кылса, акчаны биз беребиз”, -деди. Ошон үчүн, Кондолиза Райстын максаты: Жакынкы Чыгышта байистүү, бир кыйла консервативдүү күчтөрдүү табуу жана алар жаңы проблемалар менен кандай иш алып бараарын тактап билүү.

Байкоочулардын айтышынча, АКШ жана Евробиримдик ушу азыртан Иран маселесин да “саалгытпай чечиши” зарыл.

XS
SM
MD
LG