Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:47

Өзбек качкындарына байланыштуу маселе кандай чечилет?

БИШКЕК. Анжиян окуясында Кыргызстанга ооп келген Өзбекстандык качкындарга байланыштуу Жогорку соттун чечими аларды Өзбекстанга өткөрүп берүүнү билдирбейт. Бул маселеде Кыргызстан качкындарга байланыштуу эл аралык келишимдерди сактайт. Бул тууралуу 21-февралда башкы прокуратуранын коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сумар Насиза «Азаттыкка» билдирди. Азырынча Жогорку соттун чечими башкы прокуратурага түшө элек. Сумар Насиза белгилегендей, Өзбекстанда кылмыш иштери ачылган кыргызстандык атуулдардын бири да азырынча Кыргызстанга өткөрүлүп бериле элек. 16-февралда Жогорку Сот өзбекстандык атуулдар Жахангир Максутов менен Одилжан Рахимовго качкын макамын берүү жөнүндө «Адилет» коомдук фондусунун арызын канааттандырбай, Бишкек шаардык сот чечимин күчүндө калтырган. Кыргызстандын миграция департаменти өзбекстандык төрт адамды өз өлкөсүндө оор кылмыш жасады деп санап, качкын макамын берүүдөн баш тарткан. БУУнун качкындар комиссарлыгы тарабынан качкын мандаты берилген төрт адам жана мындай мандатка ээ боло элек дагы бир өзбек бозгуну учурда Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында отурушат.
XS
SM
MD
LG