Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Кадамжайдан дагы эки талапкер көрсөтүлдү


БИШКЕК. Кадамжай округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн көрсөтүлгөн адамдардын катарына дагы эки талапкер, «Азаттык» радиосунун кабарчысы Айданбек Акмат уулу менен маркум Баяман Эркинбаевдин жесири, «Палван» коомунун жетекчиси Чолпон Султанбекова кошулду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан 21-февралда кабарлашты. Азырга дейре аталган округдан 6 талапкер көрсөтүлүп, алардын бирөөсү катталган. Куршаб шайлоо округунан болсо талапкерликке катталуу үчүн бешинчи болуп жоопкерчилиги чектелген коомдун башчысы Алмазбек Алиев арыз берди. Ал эми Балыкчы шайлоо округу боюнча талапкерликке көрсөтүлгөн беш талапкердин үчөөсү катталган. Талапкерлерди көрсөтүү 27 февралда ачктайт. Бул үч округ боюнча парламенттик шайлоо 9-апрелге белгиленген.

XS
SM
MD
LG