Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

Парламентте добуш берүүнүн жыйынтыгы туура чыгарылган эмес


БИШКЕК. 21-февралда Жогорку Кеңеште парламенттин төрагасынын кызматтан кетүү жөнүндөгү арызы боюнча 20-февралдагы добуш берүүдө катачылыктар орун алган деген маселени депутат Зияддин Жамалдинов көтөрүп чыкты. Анын айтымында, 20-февраль күнү төрага Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызына добуш берүүдө ашыкча бюллетень берилген. Даярдалган 71 бюллетендин 62 си керектелген. Ал эми катталган депутаттардын саны 61 болгон. Зияддин Жамалдиновдун дооматын эсеп комиссиясынын төрагасы да тастыктады. Депутаттардын бир бөлүгү Жамалдиновдун демилгесин колдоп, төраганын арызын канаттандыруу боюнча кайрадан добуш берилиши керек деген пикирлерин айтышты. Ал эми депутаттардын дагы бир бөлүгү болсо, бир бюллетень добуш берүүнүн жыйынтыгына эч кандай таасир көрсөтпөйт, ошондуктан бул маселени кайрадан күн тартипке алып чыгуунун кажети жок деген көз карашта. Палата депутаттары бул маселени териштирүүнү эсептөө комиссиясына жума күнгө чейин териштирүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG