Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:01

Иран менен Орусия ортосундагы өзөктүк маселелер боюнча сүйлөшүү дагы улантылат


Орусиянын аймагында уран байытуу боюнча орус-иран биргелешкен ишканасын түзүү жөнүндөгү сүйлөшүүлөр 19-20-февралда Маскөөдө болуп өттү, бирок орус тараптын айтымында, иран өкүлчүлүгү мекенине кайта турганын билдирген. Анткен менен өкүлчүлүктүн жетекчиси Али Хосейни-Таш бүгүн телефон аркылуу Ирандын мамлекеттик сыналгысына интервью берип, Маскөө жасаган сунуштар көңүлгө татырлык жана сүйлөшүү уланууга тийиш деп билдирди. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында болсо, сүйлөшүү ийгликсиз же ийгиликтүү аяктады деп айтууга азырынча эрте.

XS
SM
MD
LG