Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АЛАЙКУУНУ КАР КӨЧКҮ КЫРСЫГЫ КАСКАКТАП ТУРАТ


Калың жааган кардан улам 27- январдан бери жабык турган Каракулжа-Алайкуу жолу утурумдукка ачылды. Бирок, ортолуктагы Коочаты, Терек кыштактарына жолкаттам дале түшө элек. Бул жактагы эл бир айдан бери райондук борбор менен байланыша албай, изолюцияда жашоодо. Жакында бийик тоо арасында белин бекем бууп жашап аткан элден кабар алганы барган облус губернатору жолдогу кар көчкү коркунучунан улам жетпей орто жолдон кайтып келди.

Алайкууга элден кабар алганы аттанган Ош облус губернатору Адам Закиров тоо арасындагы жолдун бүтөлүп калгандыгына байланыштуу жарым жолдон кайтып келди. Алдыга төрт автомашина менен ун-кант, кийим-кечек жөнөтүп, артынан облустук тармактык жетекчилерди, журналисттерди коштотуп алып, эки автомашина менен бараткан губернатор Адам Закиров кандай кырдаалдан улам жарым жолдон кайткандыгын айтып берди:

-Биз кетип баратсак, кар ушундай жаап атат, биздин көз алдыбызда эле жол көрүнбөй, боолголонбой калды. Капчыгай өрөөнүңдөгү Караташ кыштагына эптеп жеттсек, ал жердегилер айтышты – мындай шартта ал жакка жүрбөш керек, бороондо көчкү көчүшү мүмкүн, жолдун ар тарабынан күрткү урушу мүмкүн деп. Биз анда артка да, алдыга да кете албай, тоо ичинде калып кетишибиз ыктымал экен. Аргасыз жарым жолдон кайттык. Биздин жүк машинелерибиз Алайкуунун этеги – Ойтал кыштагына жетип, жүктү ошол жерде калтырышыптыр. Жол толук ачылса кайра барбасак болбойт.

Оштон Алайкууга бара калган кезинде жол жабылып калып, ал жакта бир айга жакын кармалган Арстан Жумашев Алайкуудагы жашоо-турмушту мындайча сүрөттөп берди:

-24 күн Алайкууда – биздин айлыбыз Көгартта жаттык Ошко кеталбай. Эң негизгиси, электр жарыгы жок эл жаман кыйналды. Чырак күйгүзөлү дешсе керосин жок. Кеч кирди – жатмай. Чындыгында ундан камсыз болуп алышкан экен, наны бар, эти бар. Бирок, кант, чай жетишпей – элдин чый-пыйы чыгып кетти. Көгарттагы мектептин көмүрү түгөнүп калып, мугалимдер Канкоргон кыштагынан ат-эшектерге көмүр жүктөп келип жатышты. Чөп-чардан дагы эптүүлөй кыйналышууда. Бир машине чөптүн баасы Алайкуда – бир тайга тете, демек, 6-7 миң сом. Эшекарт, Кашкасуу чегара заставаларынын солдаттары нанды электрге бышырышчу экен, нандары жок калып, элден алып кетип жатышты.

Каракулжа районунун акими Жаңыбай Асранов облус губернатору жөнөгөндөн бир аз мурдараак Алайкуунун Кызылжар кыштагына чейин барып келген. Ал бүгүнкү күндө Алайкуу өрөөнүнүн эң башкы Көгарт кыштагына чейин жол утурумдукка ачылганын, бирок, ортолуктагы Коочаты, Терек кыштактарына жолкаттам дале түшө электигин кабарлады. МЧС Алайкууга 24,5 тонна ун, 3300 кило кант, 7236 даана тушонка алпарган гумжардам катары.

Бул жакта 22 чакырым телефон зымы, 19 чакырым электр зымы, ондогон зыммамылар кыйроого учураган. Калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп Алайкуу өрөөнүнө убактылуу электр жарыгы берилди Бир гана Талдысуу деген чакан кыштакта жарык күйө элек.

Шейшембинин кечиндеги маалыматтар боюнча, УАЗ үлгүсүндөгү жеке менчик автомашиналар Каракулжадан Алайкуунун айылдарына каттай баштады.

XS
SM
MD
LG