Көз карандысыздык алгандан бери Өзбекстан Исламдык Иран жумуриятынын диний таасиринен сактанган сыңарында, Тегеран менен орто заар мамиледе болуп келген эле. Бирок кийинки кездерде Өзбекстандын мамлекет көзөмөлдөгөн маалымат каражаттарында Иранга болгон мамиленин өзгөргөнүн байкоого болот. Тактап айтканда, бул өлкө тууралуу көптөгөн оң мазмундагы макалалар жана маалыматтар басылып, алардын көбүндө Ирандын ядролук программасын өнүктүрүүгө колдоо билдирилет. Ал эми 14-февралда өзбек мамлекеттик радиосунда саясий баяндамачы Иброхим Норматов менен кеңири маек болду. Ал Кошмо Штаттарын жана Европа Союзун Иранга кош стандарт менен мамиле кылат деп сынга алды.
Өткөн айда ошондой эле Ирандык делегация Ташкенде болуп кайтты. Ирандын коммерция министри Масуд Мирказеми өзбек өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, Ташкендеги учак жасоочу ишканада болду.
Айрым аналитиктер Анжиян окуяларына байланыштуу Ташкендин Батыш менен алакасы кескин начарлап кеткенден кийин, Өзбекстандын Иранга жакындашы табигый көрүнүш деп эсептешет. Мохаммад-Реза Жалили - Женевада жайгашкан Эл аралык алакалар институтунун профессору:
- Ташкен менен Вашингтондун ортосунда белгилүү кыйынчылыктар бар жана ирандыктар, менимче, бул алаканын начарлашынан пайдаланып, Өзбекстан менен алакасын бекемдөөгө аракеттенип жатышат. Мурда бул кыйын эле. Өзбекстан арсар мамиледе болчу, ал эми ирандыктар Кошмо Штаттары менен жакын ымалаш өлкө менен иштешкиси келген эмес.
Анжиян окуяларынан кийин Батыштан обочолонуп калган Ташкен дароо Орусияга жакындап, эки ортодо былтыр "союздаш мамилелер" боюнча келишим түзүлдү, ал эми быйыл Өзбекстан Евразия Экономикалык жамаатына кошулду.
Иран да эл аралык коомчулукта обочодо турат, Жалили белгилегендей:
– Иран караманча изоляцияда калган өлкө. Жакынкы Чыгышта анын бир гана досу – Сирия бар. Сириянын абалы азыр оор. Ошондуктан Иран саналуу өлкөлөр менен колдон келгенинче жылуу мамиле түзүүгө умтулат. Эгер андай мүмкүнчүлүк Өзбекстан сыяктуу Борбор Азиялык өлкө менен болсо, алар ал мамилени өркүндөтүүдөн качышпайт.
Камрон Алиев Ташкендик көз карандысыз саясий баяндамачы. Ал Азаттыкка Өзбекстандын маалымат каражаттары Иранды мактап жатышканы менен, өзбек бийликтер бул жаатта саясаттын өзгөргөнүн ачык айтып чыгыша элек экендигин мындайча эскертти:
- Өзбекстан Ирандын ядролук программасы боюнча өз позициячын ачыктаган жок. Мохаммад Пайгамбарды шакаба кылган азил сүрөттөргө байланыштуу башка мусулман өлкөлөрдүн Европа союзу менен аласы боюнча көз карашын так билдирген жок. Ташкендин палестин шайлоосунда Хамастын жеңип чыгышына пикири кандай экенин да билбейбиз. Ошондуктан, мен Өзбекстан этиет саясатын улантып жатат деген жыйынтык чыгараар элем.
Алиевдин пикиринде өзбек өкмөтү дале Батыш менен такыр эле үзүлүшүп кеткенине ишенбейт:
– Азыр бардык мүмкүнчүлүктөрдү жок кылып, Европа Союзу жана Америка менен ортодогу көпүрөлөрдү өрттөп салуу катачылык болмок. Ташкен өкмөтү алар менен мамилесин качан да болсо калыбына келтирүүгө аракеттенмекчи. Өзбекстан (Иранга анча жакындабай), дипломатиялык багытта колун байлабай жаткандыгы да ошондон.
Алиевдин пикиринде, Кошмо Штаттарынан же Европа Союзунан шыбыш болсо эле, Ташкен Иранга далысын салып, Батышка кучак жайууга даяр турат.