НАРЫН. 22-февралда Нарын шаарындагы тоо аткычтар аскер бөлүгүндө өткөн Ата Мекенди коргоо күнүнө карата ачык эшиктер күнүндө аскер комиссары Советбек Касымов күзгү чакыруунун алдында комиссариат тарабынан 71 улан Бишкек шаарындагы, Чүй, Ысыккөл жана Нарын облустарындагы аскер бөлүктөргө жиберилгендигин билдирди. Бирок Советбек Касымовдун айтымында, чакырылгандардын 40 пайызга жакыны жоокерлердин катарын толуктоого мүмкүнчүлүктөрү болбой келүүдө. Алардын айрымдарынын бой келбеттери туура келбесе, кыйласы ар кандай оорулар менен жапа чеккендер.
Аба ырайы
БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 23-февралда күндүз Ысыккөл, Нарын облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Ал эми калган аймактардын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+12 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз +6…+11.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6 градус болот.
Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -2…+3 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Күндүн экинчи жарымында жаан жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +9…+11 градус болот.
Күндүн узактыгы 10 саат, 56 мүнөт.
Бурулкан Турдубек кызы, Шайырбек Эркин уулу
Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ