Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Өкмөт маалымат каражаттарын жайылтууну иретке келтирүүгө киришти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «китеп жана күндөлүк басылмаларды чыгаруу жана таркатуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашуунун» долбоорун жактырды. Буга байланышкан буйрукка премьер министр Феликс Кулов кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынын түшүндүргөнүнө караганда, макулдашуунун максаты эки өлкөдө жарык көргөн басылмалардын кеңири жана эркин таркатылышын камсыздоо. Бул документ тараптардын макулдашуусунун негизинде даярдалган жана ал эки тарап кол койгондон кийин күчүнө кирет. Премьер министрдин дагы бир буйругунун негизинде өлкөнү маалыматташтыруу боюнча тармактар аралык комиссия түзүлдү. Анын төрагалыгына вице-премьер министр Адахан Мадумаров дайындалды. Комиссия өлкөдөгү маалымат каражаттарынын бардык түрлөрүн өлкөгө таратуунун тартибин жана механизмин иштеп чыгат.

XS
SM
MD
LG