Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Үй куруучулар акимди сотко берет


БИШКЕК. Үй куруучулардын координациялык кеңешинин мүчөлөрү Бишкектин Октябрь районунун акими Жумабек Исаевдин үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылмакчы. Ага акимдин аталган координациялык кеңеш жер участкаларын сатып жатат деген билдирүүсү себеп болгон. Координациялык кеңештин тең төрагасы Кыдык Асанбековдун айтымында, акимдин мындай билдирүүсү негизсиз, аталган уюм бир метр да жерди саткан эмес. Тескерисинче аким Жолдошбек Исаев тарабынан Бишкектин жогору жагынан 22 жер участкасы 10 сотыхтан берилген. Бул өкмөттүн өткөн жылдын апрель айында чыгарган токтомуна каршы келет, анда жер беш сотыхтан гана берилиши керектиги көрсөтүлгөн. Бул тууралуу 22-февралдагы маалымат жыйынында айтылды.

XS
SM
MD
LG