Европа Комиссиясы бүгүн Брюссел шаарындагы жыйында атайын чечим кабыл алып, Франция менен Нидерланд жетекчилерине үйдө кармалган куштарды эмдөөгө уруксат берди. Орусиянын айыл чарба министри Алексей Гордеевдин айтымында Орусиядагы куш фермаларындагы канатуунун баары эмделет. Үч жылдан бери куштар арасында жаңы тумоо тарап баратат жана андан бери ооруну жугузуп алган токсондон ашык адам каза болду.