Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

АКШ мамлекеттик катчысы Каирде Мисир президенти менен жолукту


Кечээ күнү Мисирге сапар менен келген АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бүгүн өлкө презилденти Хосни Мубарак менен жолугуп, Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады, Кечээ күнү Райс Каир шаарында Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Абул Гейт менен жолуккан жана сүйлөшүүдөн кийин - Палестинадагы шайлоодо жеңип чыккан ХАМАС уюмун сынга алды: "Бир бутуңуз саясат тармагында, ошол эле мезгилде экинчи бутуңуз террорчулук тармагында турганы болбойт. Курал колдонуудан баш тартыш керек, акыркы он жылдан ашык мезгилде Палестинанын мурдагы жетекчилиги Израил менен кызматташуу жана тынчтык орнотуу боюнча өзүнө алган милдеттенмелер күчүндө калууга тийиш", - деди Райс айым. Мисирлик министрдин айтымында болсо, абалды оңдош үчүн убакыт керек жана Палестинага көрсөтүлүп жаткан жардамды азыртан эле үзүп салуу эртелик кылат.

XS
SM
MD
LG