«Маскөөдө өткөн сүйлөшүүлөр башкы жыйынтыгы деп мен анын бейнатыйжа аякташын айтаар элем. Бирок мен дагы да алдыда убакыт бар деп эсептейм», - деген мамдуманын депутаты Косачев.
Эмнеси болсо да жалпыга маалым, Иран ураны тегерегинде чыр эки аптага жетпеген убактын ичинде ары же бери болууга тийиш. МАГАТЭ (атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги – ММ) деректирлер кеңеши ал маселен талкууга алыш үчүн 6-мартта чогулуш өткөрөт. Ошол олтурумда буга дейре Евробиримдигине кирген өлкөлөр АКШ сунуштаган, Иран атомдук программасын Бириккен Улуттар Уюм Коопсуздук кеңешине өткөрүүнү колдоо же колдобоо болот дешет. Андан соң БУУнун Иранга экономикалык же дагы бир башка тыюу салуусу болору айтылууда. Тегеран бийлиги болсо андай тыюу салуу болот экен анда бардык чет өлкөлүк эксперттерди чыгарып таштайм деп коркутууда.
Бул эл аралык чырда Орусиянын өз кызыкчылыгы болуп атат экен. Ал мурдараактан бери Бушер калаада атомдук станция куруп атат экен. Андан миллиондогон доллар киреше таба турганын айтышат. Ошондон улам Маскөө улам кайра Тегеран эңсеген атомдук отунду орусиялык атайын ишканалар биринде жүзөгө ашырып берүүнү убадалап атат. Буга мурда муюп келаткан Тегеран, ар кайсы агенттиктер жазганга караганда, кийинки учурда айнып, уранды өзү каныктырмакчы болуп атат экен. Ошондон кийин Кремл эми биргелеш ишкана түзүп уранды каныктырууну бирге өткөрөлү, бирок ал иш биздин жерде болсун дегенге өттү дешет. Бирок Тегеран ага да бир айнып бир маакул болууда дешет.
Адистердин айтканына караганда, эгерде биргелеш ишкана түзүлүп уранды орусиялык адисттер менен бирге каныктырууга барса анда Тегеран атомдук бомба жазоого жарачу уран ала албайт дешет. Ошондон уламбы иши кылып дүйнөлүк коомчулук Кремл киргизген сунушту жактырышкан. Орусиянын атомдук министри Сергей Кириенко 23 февралда өтчү Тегеранда сүйлөшүүлөр улантылышына катышканы баратып, ИНТЕРФАКС агенттигине берген жообунда: «Сүйлөшүүлөрдү канча керек болсо ошончо жүргүзөбүз», - деген.
Маскөөдө эки күндүк олтурумдан майнеп чыкпаган ал сүйлөшүү бул жолу деле оң натыйжа бербейт дегендер эми четтен табылууда. Саясий анализчи Сергей Михеев айтканга караганда: «Биз, кантсе да, Иран менен Орусиянын маакулдашуу мүмкүн бирок анын техникалык жагы абдан татаал болуп атат дагы кое тургула дешкен узакка тил эмизүүсүнө дуушар болобуз», - дейт.
Ирандын улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин орун басары, Маскөөгө делегация башкарып келген Сейед Али Хосейниташ ирандык сыналгыга айтканга жообунда: «Бул сүйлөшүүлөрдө, маакулдукка жетишерибиз үчүн бизди үмүт эттирер элементтер бар», - деген шейшемби күнү.
Саясий анализчилер арасында Иран бийлиги дүйнөлүк коомчулукка тил эмизип ал арада өзү самаганын жүзөгө ашыруу болуп атат дегендер да бар.