Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:52

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы алмашты


Оппозициячыл саясатчы Сарсенбаевдин бейажал өлүмүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери кармалганынан улам комитет башчысы кызматынан чегинди. Казакстандын улуттук коопсуздук комитет төрагасы Нартай Дутбаев бул кызматта иштөөгө моралдык укугум жок деп билдирди. Президент Назарбаев мурда төраганын биринчи орун басары болуп келген Владимир Божкону коопсуздук комитетинин башчысы кылып дайындады. “Мен бул кылмыштын артында бүткүл коомчулук жана өкмөт үчүн чоң сыноо турат деп түшүнөм. Ал гана эмес, Казакстандын аброю үчүн чоң сыноо. Кылмышкерлер коркунучту жайылткысы келген”, - деди Назарбаев. Колу артына байланып, бир нече ок тийген оппозициячыл саясатчы Алтынбек Сарсенбаевдин өлүгү Алматынын четинде табылган. Анын партиялаштары бул окуяга бийликтегилердин тиешеси бар деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG