Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:27

КЫРГЫЗСТАН : МАССАЛЫК АКЦИЯЛАРДЫ УЮШТУРУУГА ЧЕКТӨӨЛӨР ЖОЮЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек 21- февралда Бишкек шаардык кеңеши 2005-жылдын январь айында кеңеш кабыл алган «Бишкек шаарындагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндөгү» токтомду жокко чыгарды. Борбор калаада пикет, митингдерди өткөрүү үчүн алдын ала уруксат жана белгилүү жай каралган бул токтомдун жокко чыгарылышын бейөкмөт уюмдар, партиялар колдошууда.

Аталган токтомго ылайык, Бишкек шаарында митинг, пикет же башка нааразылык акцияларды уюштуруудан 10 күн мурда жергиликтүү бийлик органдарына маалымдоо шарт болгон. Анда ошондой эле нааразылык чараларды Бишкектеги Максим Горькийдин эстелиги орнотулган аянтчада гана өткөрүү талабы коюлган. Бул токтом Кыргызстандандын Конституциясына жана адам укуктары боюнча эл аралык нормаларга каршы келээрин ошондо эле укук коргоо уюмдары айтып чыгышкан. Ал эми мурдагы бийлик өкүлдөрү болсо, парламенттик шайлоо алдында борбор калаада мындан токтомдун кабыл алынышы ошол учурдун талаптарына жооп берет эле деген пикирлерин билдиришүүдө. Мурдагы президенттик администрация жетекчисинин орун басары Болот Жанузаковдун көз карашында шаардык кеңештин бул токтомун толугу менен жокко чыгарбайй туруп, азыркы шарттарга ылайык өзгөртүү абзел эле:

Бизде эми митинг, пикет десе эле Ак үйдүн же Жогорку Кеңештин алдына барып алышат да, тигил кетсин,бул жоголсун деген ураандарды айта башташат. Демократияны эми минтип түшүнбөш керек да. Айрым учурларда болсо, ошол митинг, демонстарциялар болуп жаткан жерде мушташ, уруштар да болуп кетет. Мунун баары ошол пикеттерди уюштуруу шарттарына байланыштуу болот. Ал эми соз кылынып жактан токтом өз учурунда стабилдүүлүктү сактоо максатында кабыл алынган. Азыр да, бул токтомду толугу менен жокко чыгарбай эле, аны азыркы шарттарга ылайык өзгөртүп, толуктап коюш керек эле , - дейт Болот Жанузаков.

Бейөкмөт уюмдар атуулдардын пикет, митингдерге чыгуу укугун чектеген токтомдун жокко чыгарылышын колдоого алышууда. Алардын айрымдары бул токтом 24-марттагы ыңклаптан кийин ансыз деле толук кандуу иштебей калгандыгын белгилешүүдө.

Бул токтом 24-марттагы ыңклаптан кийин жакшы деле иштебей калган. Андан бери пикет, митингдерди уюштуруучулар 10 күн мурда жергиликтүү бийликтен уруксат сурабай эле нааразылык чараларга Ак үйдүн, парламенттин алдына чыгып жатышат…Бирок, бийлик өкүлдөрү аларды Горький паркына баргыла деген учурлар да болду. Ошондуктан, бул токтомдун жокко чыгарылышы абдан туура болду жана эми атуулдардын пикет, митингдерге чыгуу укуктары Кыргызстанда эл аралык нормаларга ылайык сакталат деп ойлойм,- дейт «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова.

«Акыйкат» партиясынын жетекчиси, мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев да шаардык кеңеш тарабынан атуулдардын нааразылык чараларга чыгуу эркиндигин чектеген токтомдун жокко чыгарылышын туура кадам катары баалайт:

Азыр эми өлкөдө стабилдүүлүк орноп калды деп айтсак болот. Ошондуктан, шаардык кеңеш тарабынан былтыркы токтомдун жокко чыгарылышы туура болду, азыркы талаптарга ылайык болду , –деген Кеңешбек Дүйшөбаев өз учурунда мындай токтомдун кабыл алынышы өлкөдөгү стабилдүүлүктүн сакталышы үчүн кабыл алынгандыгын белгилеп өттү.

Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун пикиринде да жокко чыгарылган токтом эл аралык нормаларга жана Конституцияга каршы келген токтом болгон. Анын ишениминде мындан ары бийлик атуулдардын нааразылык акцияларга чыгуу, эркин чогулуу укуктарына каршы келген токтомдорду кабыл алууга барбайт:

Бул токтом адам укуктарына байланыштуу эл аралык нормаларга каршы келет болчу. Анын айынан адамдардын эркин чогулуп, нааразылык акцияларга чыгуу укуктары тебеленип тепселди, пикетке чыккан канчалаган адамдар камалды, соттолду. Эми азыркы бийлик атуулдардын эркин чогулуп, пикетке чыгуу укуктарын чектеген токтомдорду кабыл алууга барбайт, ага жол бербейбиз .

Өлкөдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар 2002-жылдын июль айында кабыл алынган жана атуулдардын наразалык чараларга чыгуу шарттары каралган «Атуулдардын тынч жол менен куралсыз чогулуп, митинг, пикет, жүрүш жана демонстрацияларды өткөрүү жөнүндөгү» мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү зарыл деген маселени көтөрүшүүдө. Ал эми буга чейин, 2004-жылдын 14-октябрында Конституциялык сот тарабынан аталган мыйзамдын үч беренеси жокко чыгарылып, атуулдардын аткаруу бийлигинин уруксатысыз эле пикет, митинг, демонстрацияларды өткөрүүгө болгон конституциялык укуктары калыбына келтирилген.

(24-март 2005-жыл. Март революциясы. Сүрөт «Азаттыктын» архивинен)
XS
SM
MD
LG