Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:44

«Алтын уя» 12 жетим баланы асырап алды


ОШ. Шаарда «Алтын уя» аттуу үй-бүлөлүк шартка ылайыкталып түзүлгөн балдар үйү кароосуз калган 12 жетим баланы асырап алды. 2006-жылдын февраль айында Балдар үйүнүн директору Тамара Токтомаматова “Азаттык” радиосунун кабарчысына билдиргендей, “Алтын уя” балдар үйүнө бир жаштан он беш жаш курактагы ата-энелери жок томомлой жетимдер кабыл алынып, алар үй-бүлөлүк традицияда тарбияланышат жана билим алышат. Бул балдар үйү Ош шаардык мэриясы жана эл аралык жергиликтүү коомдук уюмдардын гуманитардык колдоосу тарабынан каржыланууда.

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 24-февралда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3 градус.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -4...+1, күндүз +1...+6 градус.
Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз -2...+3 градус болот.
Ысыккөлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...+5 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...-7 градус.
Борборубуз Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...-3, күндүз 0...+2 градус болот.




Бурулкан Сарыгулова, Шайырбек Мукарамов

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG