Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

«Шайлоо кодексине» өзгөртүү, түзөтүү киргизилүүдө

БИШКЕК. Юристтерден, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топ эки айдын ичинде «Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун иштеп чыгат. Мындай маалымат 2005-жылкы жергиликтүү бийликке шайлоонун жыйынтыктарын талкуулаган шаршемби күнкү республикалык конференцияда айтылды. Конференцияда маалымдалганга караганда, жумушчу топ долбоорду даярдоодо 2005-жылы өткөн президентти жана жергиликтүү бийлик башчыларын шайлоо учурундагы өксүктөрдү эске алат. Маселен, өткөн шайлоо өнөктүктөрүндө шайлоочулардын тизмесине, участкалык шайлоо комиссяларын түзүүгө байланыштуу олуттуу проблемалар катталган.
XS
SM
MD
LG