Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

ФРАНЦИЯ ЭЛЧИЛИГИ : МУХАММЕД ПАЙГАМБАРГА ТАРТЫЛГАН АЗИЛ СҮРӨТТӨРГӨ ӨКҮНӨБҮЗ


Франция элчилигинин Кыргызстандагы өкүлү Эрик Мийэ мырза Кыргызстан мусулмандар муфтиятына атайын жолугушууга келип, кыргызстандык мусулмандардын Франция элчилигине жазган катына расмий жооп берди. Жолугушуу жыйынын ачып жатып муфтий Мураталы-ажы Жуманов Мухаммед пайгамбарга тартылган шылдың сүрөттөрдүн Европа өлкөлөрүндө байма-бай басылып келгендигине Кыргызстандын мусулмандар муфтияты, дин ишмерлери мурунку жума намазда өз баасын бергендигин, ачуу сөздөр айтылгандыгын, анын негизинде бир катар тиешелүү элчиликтерге кат да жолдонгондугун эскертти.

Эрик Мийэ мырза Франция элчилигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы болгондуктан ошол катка байланыштуу ой бөлүшкөнү, Мухаммед пайгамбарга тартылган шылдың сүрөттөргө карата Франция мамлекетинин позициясын билдиргени келгендигин жарыялады.

-Франция – бүт диндерди жана диний көзкараштарды урматтаган өлкө, - деп сөз баштады Эрик Мийэ мырза. – Франция ислам динин эле эмес, анын негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбарды да бийик баалайт жана Мухаммед пайгамбарга тартылган шылдың сүрөттөргө байланыштуу өз нааразычылыгын билдирген мусулмандарды туура түшүнөт. Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн тартуу, шарият боюнча, туура эмес болорун да биз жакшы билебиз. Ошондой эле Мухаммед пайгамбарга тартылган сүрөттөрдүн биздин өлкөдө да бир канча жолу басылып чыккандыгына өкүнүч билдирип жатабыз.

Францияда ислам дини – дин тутунгандардын саны боюнча экинчи дин болуп эсептелет. Эрик Мийэ мырза Франция Президентинин карикатурага байланыштуу кабатырлангандыгына да токтолду:

-Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында өлкөбүздүн Президенти Жак Ширак Париждеги башкы мечиттин имамын кабыл албадыбы. Ошондо да ал Франция бардык диндерди жана ишенимдерди сыйларын ачык айтты.

Эрик Мийэ мырза андан ары ошол карикатураларды байма-бай жарыялап-баскандардын көзкараштары Франциянын жалпы жарандарынын, Франция мамлекетинин позициясын билдире албастыгын белгиледи:

-Францияда басма сөз эркиндиги тууралу мыйзам бар. Ага ылайык мындай нерселерди жарыяласа да болот. Бирок, ошол эле кезде сөз эркиндигин ашепке пайдаланууну чектөөчү да мыйзам актылары бар. Ага ылайык да иштер жүргүзүлбөй койбойт. Демек, тиешелүү кишилер тергелип-тескелет.

Франция элчилигинин өкүлү менен жолугушууну Бишкек шаардык мусулмандар казысы Абдыманап-ажы Масалиев мындайча баалады:

-Кандай гана элчиликтин болбосун жооптуу кызматкерлери мамлекет жетекчилеринин уруксатысыз, макулдугусуз кайсы бир жакка кадам таштабайт. Эрик мырза Франция мамлекетинин атынан атайын биздин муфтиятка келип суранып аткандан кийин, аны туура кабыл алып, кечирим бергенибиз оң.

Эрик Мийэ мырзага бир катар мусулмандар Франция мамлекети айыптууларды катуураак жазаласа деген ниеттерин билдиришти.
XS
SM
MD
LG